ЛИСТИНГ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛИСТИНГ - биржада баалуу кагаздардын ай­лануусуна уруксат берүү иш-чаралары. Алар ко­тировкалуу кагазга түшүрүлүп, инвесторлорго толук маалыматты ачып берет. Эмитенттер инвестициялык жагымдуулугун арттыруу үчүн Л-ден өтөт. Л. фондулук биржада инвесторго ишканалардын финансылык туруктуулугуна таасир эткен коомдук финансы-чарбалык иш­чаралары жана маанилүү фактылар жөнүндө толук маалыматка ээ болууга кепилдик берет. 2010-ж. «БТС-Кыргызстан фондулук биржасы» ЖАКта Л-ден 6 компания («Ысык-Көл инвест банк», «Ишкердүүлүк өнүгүү фонду», «Береке-инвест», «Ош инвест», «Аргымак» ААК жана «Казына ка­питал» ЖАК) өткөн. Л-ден өтүү акционерлерге

жана компанияларга салык жана мамлекеттик төлөмдөр­дүн (акция жана облигациялар үчүн) төмөндөшүн, компаниянын ачык-айкын иш алып барышын, инвесторлордун ишенимин арттырат.