ЛЙПЕЦК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЙПЕЦК - Россиядагы шаар (1779-жылдан). Липецк обл-нун администрациялык борбору. Воронеж д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 502,5 мин (2010). Т. ж. бекети. Жолдор тоому. Аэропорту бар. 13- к-дан белгилүү. Шаарда жылына 2-4 жолу жайма базар болуп турган. Байыркы Успение (17-к.), Троица (1850) чиркөөлөрү, сааты бар мунаралуу соборлор ж. б. сакталган. Кара металлургия (ири ишканасы: Жаңы Липецк металлургия комбинаты), тамак-аш (негизинен консервалар), машина куруу жана металл иштетүү («Липецк трактор кураштыруу заводу» АК, «СТИНОЛ Муздаткычтар заводу» ЖАК, «Липецк станокзаводу» ААК), электр-энергетика, курулуш материалдар, химиялык, тамак-аш-татымал ө. ж. ишканалары иштейт. ИИИлер, университеттер, институттар, китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн), 2 театр, музейлер (анын ичинде край таануу), Г. В. Плехановдун үй-музейи бар. Дары-баткак курорту иштейт (1803).