ЛИНОГРАВЮРА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИНОГРАВЮРА (латынча Ипо1ешп, Нпшп - кендир, о1еит - май линолеум жана гравюра) - линолеум же ага окшош полимердик-пластикалык материалга түшүрүлгөн томпок гравюра. Көркөм каражаттары жана техникасы боюнча Л. ксилографияга окшош жана басылышында гана
андан майда деталдарынын жоктугу менен айырмаланат. Л. 20-к-дын башында пайда болгон. Л-нын өзгөчөлөнгөн сапаттары, б. а көркөм тилинин таамайлыгы, ак менен каранын ачык контрастта турушу, материалдын сапатына ылайык иштелген ийкемдүү живопистик штрих ж. б. сапаттары басма графикасынын көп чеберлеринин көңүлүн бурду. Мисалы, Л-га П. Пикассо (Франция), Э. Паккард (АКШ), П. Нильсен (Дания), В. Д. Фалилеев, В. А. Фаворский (Россия) ж. б. кайрылышкан. Кыргызстанда Л-да Л. А. Ильина, А. С. Осташев, Ж. Жумабаев, Ю. Шыгаев, Т. Курманов ж. б. иштешкен.
