ЛИМФА СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title"> | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛИ́МФА СИСТЕМАСЫ - </strong>омурткалуу жаныбар <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> адамдын ткандары <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> органдарынан <em>лимфаны</em> чогултуп, аны вена системасына кошуучу лимфа тамырлары <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> түйүндөрүнүн жыйындысы. Лимфа түйүндөрү (бездери) лимфа тамырларына бойлото жайгашат. Л. с. капиллярлардан тканга чыпкаланып өткөн суюктукту <em>кан журуу системасына</em> кайра жиберет, ичегиде сиңген азык заттарын өткөрөт, лимфа түйүндөрүндө лимфаны чыпкалап, организмди коргоо кызматын аткарат. Лимфа ткандан капиллярларга сиңип, андан майда лимфа тамырларына өтөт, алар ириленип, венага куюучу чоң тамырга айланат. Лимфанын басымы төмөн болгондуктан, лимфа тамырларынын капталдары өтө жука болот. Балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> сойлоочуларда жука капталдуу кеңейген жерлери - лимфа синустары болот. Адамда башка сүт эмүүчүлөрдүкүндөй эле көп сандаган лимфа түйүндөрү болуп, жалгыздан же тобу <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> негизинен тилдин түбүндө, алкым, колтук, чурай, өзгөчө чычыркайда, ичеги капталдарында жайгашкан. Лимфанын жылышын скелет булчуңдарынын <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> ички органдардын мезгили <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> тамырды кысышы, тамырдын өзүнүн кагышы, <abbr data-short="о. эле" data-full="ошондой эле" data-extended="true">ошондой эле</abbr> майда тамырларга келүүчү суюктуктун басымы камсыз кылат.</p> | ||
[[Category:5-том,_50-100_бб]] | [[Category:5-том,_50-100_бб]] | ||
20 октябрь 2026, саат 04:33 учурдагы соңку нуска
ЛИ́МФА СИСТЕМАСЫ - омурткалуу жаныбар жана адамдын ткандары менен органдарынан лимфаны чогултуп, аны вена системасына кошуучу лимфа тамырлары менен түйүндөрүнүн жыйындысы. Лимфа түйүндөрү (бездери) лимфа тамырларына бойлото жайгашат. Л. с. капиллярлардан тканга чыпкаланып өткөн суюктукту кан журуу системасына кайра жиберет, ичегиде сиңген азык заттарын өткөрөт, лимфа түйүндөрүндө лимфаны чыпкалап, организмди коргоо кызматын аткарат. Лимфа ткандан капиллярларга сиңип, андан майда лимфа тамырларына өтөт, алар ириленип, венага куюучу чоң тамырга айланат. Лимфанын басымы төмөн болгондуктан, лимфа тамырларынын капталдары өтө жука болот. Балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда жана сойлоочуларда жука капталдуу кеңейген жерлери - лимфа синустары болот. Адамда башка сүт эмүүчүлөрдүкүндөй эле көп сандаган лимфа түйүндөрү болуп, жалгыздан же тобу менен негизинен тилдин түбүндө, алкым, колтук, чурай, өзгөчө чычыркайда, ичеги капталдарында жайгашкан. Лимфанын жылышын скелет булчуңдарынын жана ички органдардын мезгили менен тамырды кысышы, тамырдын өзүнүн кагышы, ошондой эле майда тамырларга келүүчү суюктуктун басымы камсыз кылат.