ЛИМФА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title"> | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛИ́МФА </strong>(<abbr data-short="лат." data-full="латынча" data-extended="true">латынча</abbr> 1утрЬа - таза суу, ным) - адам <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> омурткалуу жаныбарлардын лимфа системасында айлануучу суюктук. Ачка болгондо Л. тунук, ал эми тамактангандан кийин эмульсияланчу майлар көбөйүп, тунук болбой, ак түскө өтөт. Анда плазмага караганда белоктор азыраак, лимфоциттер көп, эритроциттер абдан аз. Л. тканга кан плазмасынан суюктуктун дайыма келип турушунан <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> андан лимфа тамырына өтүшүнөн пайда болот. Негизинен азыктандыруу <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> коргоо функциясын, <abbr data-short="о. эле" data-full="ошондой эле" data-extended="true">ошондой эле</abbr> организмдеги ткандар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> кандын ортосундагы зат алмашууну камсыз кылат. <abbr data-short="Хим." data-full="Химиялык" data-extended="true">Химиялык</abbr> курамы <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> кан плазмасына, ткань суюктугуна <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> жүлүн суюктугуна өтө окшош. Анда бир аз белок, глюкоза, май, минерал заттар, лимфоциттер ж. б. болот. Л-нын курамы ал агып чыгуучу органдардын абалына байланыштуу. Ага кан <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> лимфа тамырынын өткөргүчтүгү <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> осмос басымы, нейрогумордук башкаруунун абалы таасир этет. Майдын көпчүлүгү ичегиден Л-га сиңет. Л-га уу <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> бактерия токсиндери оңой </p><p>кирип, ал Л. түйүндөрүндө тазаланат. Л-нын Л. тамыры <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> кыймылын организмдин физиол. активдүүлүгү, дене булчундардын жыйрылышы <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> венадагы тескери басым камсыз кылынат. Адамдын <em>лимфа. системасында</em> 1-2 <em>л </em>Л. болот. Л. организмде капиллярларда гидростатикалык басым көтөрүлгөндө, зат алмашуу күчөгөндө <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> патол. абалда көбөйөт.</p> | ||
[[Category:5-том,_50-100_бб]] | [[Category:5-том,_50-100_бб]] | ||
20 октябрь 2026, саат 04:30 учурдагы соңку нуска
ЛИ́МФА (латынча 1утрЬа - таза суу, ным) - адам жана омурткалуу жаныбарлардын лимфа системасында айлануучу суюктук. Ачка болгондо Л. тунук, ал эми тамактангандан кийин эмульсияланчу майлар көбөйүп, тунук болбой, ак түскө өтөт. Анда плазмага караганда белоктор азыраак, лимфоциттер көп, эритроциттер абдан аз. Л. тканга кан плазмасынан суюктуктун дайыма келип турушунан жана андан лимфа тамырына өтүшүнөн пайда болот. Негизинен азыктандыруу жана коргоо функциясын, ошондой эле организмдеги ткандар менен кандын ортосундагы зат алмашууну камсыз кылат. Химиялык курамы боюнча кан плазмасына, ткань суюктугуна жана жүлүн суюктугуна өтө окшош. Анда бир аз белок, глюкоза, май, минерал заттар, лимфоциттер ж. б. болот. Л-нын курамы ал агып чыгуучу органдардын абалына байланыштуу. Ага кан менен лимфа тамырынын өткөргүчтүгү жана осмос басымы, нейрогумордук башкаруунун абалы таасир этет. Майдын көпчүлүгү ичегиден Л-га сиңет. Л-га уу жана бактерия токсиндери оңой
кирип, ал Л. түйүндөрүндө тазаланат. Л-нын Л. тамыры боюнча кыймылын организмдин физиол. активдүүлүгү, дене булчундардын жыйрылышы жана венадагы тескери басым камсыз кылынат. Адамдын лимфа. системасында 1-2 л Л. болот. Л. организмде капиллярларда гидростатикалык басым көтөрүлгөндө, зат алмашуу күчөгөндө жана патол. абалда көбөйөт.