ЛИБЕРАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИБЕРАЛИЗМ (латынча ИЬегаИв - эркин, эркиндик) - социалдык-саясий кыймыл. Л. түшүнүгү 19-к-дын 1-жарымында кеңири колдонулуп, Батыш Европада (Улуу Британия, Франция) пайда болгон саясий партиялардын көз карашынын өзгөчөлүгүн белгилеген. Л. - саясий маданияттын башаты, коомдук турмуштун, индивиддин саясий-экономикалык, системалык адеп-ахлактык багыты. Тар маанисинде Л. - мамлекеттин аз кийлигишүүсү астында эркин конкуренция, рыноктук механизмдерди сактап калууга умтулган либералдык партиянын саясаты. Л-дин идеялык негизин түзгөндөр: 1) адамдардын теңдиги; 2) (жеке) эрк; 3) рационалдуулук; 4) тартып алууга мүмкүн болбогон укуктарды: жашоо укугун, менчик, эркиндик укуктарын камсыз кылуу; 5) жалпы консенсустун негизинде мамлекетке биригүү; 6) мамлекет менен инсандын мамилесинин келишимдик мүнөзү; 7) мыйзам - социалдык көзөмөлдүн куралы; 8) мамлекеттин ишмердүүлүгүн чектөө; 9) адамдын жеке турмушуна мамлекеттин кийлигишпөөсүн камсыздоо; 10) дин эркиндиги ж. б. Ушул шарттардын комплекси конституционализмди түзөт. Конституционализм системасы: 1) мыйзам чыгаруучулардын ишмердүүлүгүн чектейт; 2) мыйзамдын белгилүү чектерин белгилейт. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Л. көп касиеттерин жоготкон. 70-80- жылдарда консенсустун бузулушу, глобалдык проблемалардын күчөшү Л-ди өзгөрүүлөргө дуушар кылды. Л-дин айрым принциптери өзгөрүлүп, жаңы неолиберализм агымынын пайда болушу байкалууда.