ЛЕОН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЕОН, Сантьяго-де-лос-Кабальерос-де-Леон - Никарагуадагы шаар. Леон департаментинин администрациялык борбору. Тынч океандын түндүк жээгинде жайгашкан. Калкы 145,2 мин (2010); өлкөдөгү калкынын саны боюнча Манагуадан кийинки 2-шаар. 1524-ж. испаниялык конкистадор Ф. Э. Кордоба тарабынан негизделген. 1609-ж. жер титирөөдөн талкаланган. Шаардын эски бөлүгүнүн калдыгы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. 1820-52-ж. көз каранды эмес Никарагуанын борбору болгон. Бир кабаттуу шаардын тарыхый курулуштары, кафедралуу собор (18-к.), Сан-Хуан-Баутиста-Сутиаба (17-к.), СанФрансиско (17-к.) ж. б. чиркөөлөр, епископ ак сарайы сакталган. Булгаары, текстиль жана тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Металл өндүрүшү (медицина столдору, идиш-аяк, газ плита), а. ч. техникалары, самын жана кир кетирүүчү каражаттар чыгарылат. Илим-изилдөө мекемелери, улуттук жана христиан автономия университеттери бар.