ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ - УлууАта Мекен­дик согуш жылдарында немис аскерлери шаар­ды жок кылуу максатында Ленинград ш-н (к. Санкт-Петербург) курчоого алышы. Ленин­град салгылашында (1941-44) германиялык ас­керлер оор жоготууга учураганына карабастан, 1941-ж. 8-сентябрда Шлиссельбургду басып алып, Ленинградды кургактыктан бөлүп салуу­га жетишкен. 872 күнгө созулган Л. б. башта­лып, блокада учурунда шаарга 150 миңдей сна-

Ленинград курчоодо. 1943-ж.

ряд, 107 миңден ашуун күйүүчү жана фугастык авиабомба түшкөн, шаарды аткылоодон, бом­балоодон жана ачкачылыктан 642 миңден ашуун (кээ бир маалыматтар боюнча 840 миң) адам өлгөн. Шаар жетекчилери, Ленинград фронту жана Бал­тика флотунун командачылары Ленинградды душмандардан коргоо чараларын (негизги иш­чаралардын бири - «сталин» линиясы) көргөн.

Шаар аймагына 4,1 миңден ашуун дот жана дзот курулуп, көчөлөргө баррикадалар орнотулган. Курчоодо калган ленинграддыктарга бүткүл со­вет эли жардам берген (к. Ленинград-Кыргыз­стан достук байланыштары). 1941-ж. 12-сен­тябрдан 1942-жылдын октябрына чейин Ладога көлү (22-ноябрдан тоңгон Ладога көлүнө авто­мобиль жолу салынып, «Өмүр жолу» деп атал­ган) жана аба флоту аркылуу шаарга керектүү кийим-кече, азык-түлүк жеткирилип, шаардан айрым завод-фабрика жабдуулары эвакуация­ланган. 1944-ж. 27-январда Ленинград ш. кур­чоодон бошотулуп, 3 миллион шаар калкынан 560 миң киши гана шаарда калган. Фашисттик баскынчыларга каршы салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн шаар Ленин ордени менен сыйланып (1945-ж. 26-январь), Ленинградды коргоодо кур­ман болгондордун урматына Пискарёв жана Се­рафимов мемориалдык ансамблдери тургузул­ган. К. Алымкулов.