ЛИРИКА-ЭПИКАЛЫК ЖАНР —: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛИРИКА-ЭПИКАЛЫК ЖАНР — эпос менен лири­канын урунттуу белгилери мүлдө жуурулушуп кеткен көркөм чыгарма. Мындай чыгармалар адатта жайык сюжеттүү, кабат-кабат окуялуу келип, белгилүү типтерди, толук ачылган мүнөз­дөрдү чагылдырат. Л.-э. ж. сентиментализм менен романтизм адабиятында өзгөчө гүлдөгөн. Буга Байрондун, Шеллинин, Виньинин, Мицке­вичтин, Пушкин менен Лермонтовдун поэмалары далил. Совет поэзиясында жана прозасында бул жанр В. Маяковский, А. Твардовский, К. Паус­товский, М. Пришвиндин чыгармалары менен ка­лыптанган жана өнүккөн. Кыргыз поэзиясында Л.-э. ж. Октябрь революциясына чейин эле өөрчүп келген. Мисалы, «ОлжобаймененКишимжан», «Са­ринжи-Бөкөй» ж. б. Кийин жазма адабияттын пайда болушу менен бул салтты профессионал акындар тез эле өздөштүрдү. Муну А. Токомбаевдин («Тан алдында», «Өз көзүм менен», «Комуз күүсү»), Т. Үмөталиевдин («Кубат», «Ак алтын жөнүндө ыр»), С. Эралиевдин («Ак Мөөр»), К. Маликов­дун («Көл жээгинде кездешүү»), А. Токтомушев­дин («Сүйүү жана коркунуч», «Алтын тоо») чы­гармачыл тажрыйбалары даана көрсөтөт.