ЛИНОТИП: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИНОТИП (латынча Ипеа - сызык, линия жана грекче 1уроз - так түшүрүү) - текстти терип, туташ сап түрүндө куюучу терүү машинасы. Л-ти АКШда О. Мергенталер (1884) ойлоп чыгарган. СССРде биринчи Л. 1932-ж. Ленинград полиграфия заводунда даярдалган. Л. негизинен үч аппараттан (терүү, куюу жана кайра бөлүштүргүч) турат. Клавиатуранын клавишасын басканда алфавиттин айрым тамгасы оюп жасалган металл матрица магазинден өзү түшөт да, мурдагы матрицанын жанына кыналып, сөз арасындагы ачык орунга ажыраткыч шынаа коюлат. Матрицалар менен шынаалардан текст сабы түзүлүп, ал атайын кармагыч менен куюу аппаратына берилет. Машинанын кийинки операциялары автоматтык түрдө аткарылат. Мындай машиналар гезит ж. б. басма иштеринде ылдам жана үнөмдүү
терүүдө колдонулган. Басуу ишинде компьютердик технологиянын кеңири жайылышына байланыштуу дээрлик колдонулбай калды.