ЛИНЗА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛИНЗА (немисче Ыпзе, латынча 1епз - жасмык деген­ден) оптикада - томпок же иймек (кээде бир жак бети тегиз) беттер менен чектелген, жа­рык нурунун формасын өзгөртүүчү жана оптика­лык сүрөттөлүштү алууга жөндөмдүү болгон ту­нук нерсе. Оптикалык касиети боюнча Л. жарык нурун чогултуучу (оң) жана чачыратуучу (терс) түрдө болот. Л. көбүнчө оптикалык жана органикалык ай­нектен даярдалат. Улътракызгылт көк нурлар үчүн - кварцтан, флюориттен ж. б., инфракы­зыл нурлар үчүн - айнектин өзгөчө түрүнөн, сап­фирден, кремнийден, германийден ж. б.

мате­риалдардан жасашат. Л-лар жука жана ка­лың, жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Жука Л-лар жөнөкөй болот, ал эми калың Л-лар бир же андан көп Л-лардын системасынан турат да, калыңдыгы сфералык беттин радиусунан бир аз айырмаланат. Мисалы, берилген шартта Л. жука деп эсептелсе, башка шартта ал Л. калың деп эсептелиши мүмкүн. Л-ны мүнөздөөчү чоңдук­тар геометриялык жана оптикалык параметрлерге бөлүнөт. Геометриялык параметрлери: сфералык беттеринин ра­диустары, негизги оптикалык огу, негизги те­гиздиги, оптикалык борбору, фокустук аралык­тары; оптикалык параметрлери: Л-нын сырт­кы чөйрөгө салыштырмалуу сындыруу көрсөт­күчү п, оптикалык күчү Ф. Сфералык беттердин борборлорун бириктирип турган түз сызык Л-нын негизги оптикалык огу деп аталат. Жука Л. аркылуу өтүүчү нурларды «сындыруучу» те­гиздик негизги тегиздик, Л-нын негизги опти­калык огу менен негизги тегиздик кесилишкен че­кит линзанын борбору деп аталат. Л-ны мүнөз­дөөчү чоңдуктардын арасындагы байланышты чагылдыруучу катышты табуу үчүн параксиал­дык нурлар пайдаланылат. Л-нын оптикалык огуна параллель же кичине бурч түзүп, негизги

а - томпок линза; б - иймек линза.

огунан алыс эмес өткөн параллель нурлардын шооласы параксиалдык нурлар деп аталат. Параксиалдык нурлар Л-дан өткөндө негизги фокус деп аталган чекитте. Л-нын борборунан анын фокусуна чейинки аралык Л-нын фокус­тук аралыгы деп аталат. Л-лар үчүн анын пара­метрлерин байланыштырган формула:

Ф = —= (га-1)- — + — I
/ 1^1

Л-нын оптикалык күчүнүн бирдиги - диоп­трия (дптр). Диоптрия - фокустук аралыгы 1 м болгон чогултуучу линзанын оптикалык күчү. Мында п>1 шарты үчүн чогултуучу болот, ал эми п < 1 болгондо чачыратуучу болот.