ЛИНДГРЕН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИНДГРЕН (Ыпс1£геп) Астрид Анна Эмилия (14. 11. 1907, Смоланд, Виммербю - 28. 1. 2002, Стокгольм; сөөгү Виммербюга коюлган) - швециялык балдар жазуучусу. 1947-70-ж. «Рабен жана
Шёгрен» басмасында балдар бөлүмүн жетектеген. Анын «Пеппи - Узун Байпак» (1945-52), «Бала менен Карлсон жөнүндө» (1955- 68), «Селсаяк Расмус» (1956) аттуу повесттери балдарга арналган. Л. - «Бюллербю жөнүндө китеп» (1952), «Бузотёрлор көчөсүндөгү балдар» (1958), «Мадикен» (1960) аңгеме-повесттеринин, ошондой эле «Рони каракчынын кызы» (1981) романынын автору. «Пеппи - Узун Байпак», «Селсаяк Расмус», «Менин Миом» ж. б. чыгармалары

экрандаштырылган. 1996-ж. Стокгольмдун борборунда эстелиги орнотулган жана өлгөндөн кийин Швеция өкмөтү тарабынан анын атындагы адабий сыйлык уюштурулган.
Ац.: Стремстедт М.Великая сказочница: Жизнь А. Линдгрен. М., 2002.