ЛИЛИЯЛАР —: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИЛИЯЛАР — бир үлүштүү өсүмдүктөрдүн катары жана тукуму. Азык-тамырлуу, пияз түптүү, түймөк-пияздуу көп жылдык чөптөр. Жалбырагы бүтүн; гүлү эки жыныстуу, 3 мүчөлүү, жалгыздан же чачыдай, шыпыргыдай топ гүлгө чогулган, аталыгы 6. Гүл коргону түрдүү түстө. Мөмөсү - кутуча же мөмө. Курт-кумурскалар, куштар чаңдаштырат. Уругу, азык-тамыры, пияз түбү ж. б. менен көбөйөт. Гүлү жалгыздан же көбүнчө чачыдай топ гүлгө чогулган. Л. катарынын 20дай тукуму, 45тей уруусу, 1300дөй түрү жер бетинин бардык жеринде, көбүнчө субтропик жана мелүүн алкактарда таралган. КМШ өлкөлөрүндө 26, Кыргызстанда 15 уруусу (каз пияз, мандалак, лилия ж. б.) 340тай түрү бар. Л. катарына көптөгөн дары (мончок гүл, алое ж. б.), жашылча (пияз, сарымсак, спаржа), техникалык (эремурус), кооз (лилия, мандалак ж. б.) өсүмдүктөр кирет. Алардын арасында балдуу, ошондой эле адам менен жаныбарга уулуусу да бар.