ЛИЗИНГ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИЗИНГ (англ. 1еаз1п£ - ижарага алуу) - машиналарды, жабдууларды, транспорт каражаттарын, өндүрүш имараттарын ж. б. мүлктөрдү ижарага узак мөөнөткө алуу. Ал 6 айдан бир нече жылга чейин созулат. Л. компания (өзүнүн эсебинен жабдууларды сатып алган) менен ижарага алуучу фирма ортосунда келишимдин негизинде түзүлөт. Л-ди алуучу (ижарачы) менчик укугуна ээлик, бузулса ондоо, каражатты техникалык тейлөө ж. б. жоопкерчиликтерин мойнуна алат. Келишим мөөнөтү бүткөндө ал мүлктү же ээсине кайтарып берет, же келишимди узартат, же Л-ге алган мүлктүн калган баасын төлөп, сатып алса болот. Л. финансылык, операциялык жана эл аралык деп бөлүнөт. Л. жаңы техниканы сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок ишканаларга пайдалуу, ошондой эле к. Рентинг, Хайринг.