ЛИ ГРУППАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛИ ГРУППАСЫ - каалагандай х, у элементте­ри үчүн (х, у) түгөйүн ху~' көбөйтүндүсүнө дал келтирүүчү чагылдыруусу үзгүлтүксүз болгон көп түспөлдүүлүктүн структурасына ээ болгон груп­па. Л. г-нын негизги түшүнүктөрүн математи­кага 19-к-дын 70-жылдарында С. Ли киргизген. Л. г. дифференциалдык тендемелердин кээ бир маселелерин изилдөөдөн келип чыккан. Мате­матика жана физикада Л. г. көптөгөн ар түрдүү колдонулуштарга ээ. Эйнштейндин салыштыр­малуулук теориясындагы эң негизги роль таан­дык болгон. Лоренц группасы - Л. г. болот. Л. г. салыштырмалуулук теориясынын эң күчтүү ме­тоду болуп эсептелет. Л. г-н изилдөө боюнча эң не­гизги жетишкендиктер С. Ли, фр. математик Э. Картан, немис математиги Г. Вейль, орус ма­тематиктери Л. С. Понтрягин, Анын Ичинде Мальцев ж. б-га таандык, к. Үзгултуксуз группа.

Ад.: Гото М., Гроссханс Ф. Полупростые алгебры. Ли. М., 1981; Кац В. Бесконечномерные алгебры Ли. М., 1993.