ЛИВИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title | |||
[[Category:5-том,_50-100_бб]] | [[Category:5-том,_50-100_бб]] | ||
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИВИЯ (арабча аль-Либия), Улуу Социалисттик Элдик Ливия Араб Жамахириясы (арабча Аль-Жамахирия аль-Арабия аль-Либия аш-Шаабия альИштиракия аль-Узма) - Түндүк Африкадагы өлкө. Чыгышынан Египет, түштүк-чыгышынан Судан, түштүгүнөн Чад жана Нигерия, батышынан Алжир, түндүк-батышынан Тунис менен чектешет. Түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз чулгайт (жээк сызыгынын уз. 1860 км). Аянты 1672,2 миң км2. Калкы 6,3 миллион (2009). Борбору - Триполи ш. Акча бирдиги - лиңия динары. Л. 3 тарыхый облусту - Триполитанияны, Киренаиканы, Феццанды камтыйт. Администрациялык-аймактык жактан 22 администрациялык районго (провинцияга, шаабиге) бөлүнөт. Алар:


Бенгази (администрациялык борбору - Бенгази), Вади-эль-Хаят (Аубари), Вади-эш-Шати [Брак (Эль-Бирак)], Гат (Гат), Дерна (Дерна), Марзук (Марзук), Мисрата (Мисрата), Налут (Налут), Сабха (Сабха), Сурт [Сурт (Сирт)], Триполи (Триполи), Эз-Завия (Эз-Завия), Эль-Бутнан (Тобрук), Эль-Вахат (Аждабия), Эль-Жебель-эль-Ахдар (Эль-Байда), Эль-Жебель-эль-Гарби (Гарьян), Эль-Жифара (Эль-Азизия), Эль-Жуфра (Хун), Эль-Куфра (Эль-Куфра), Эль-Маргаб (Хомс), Эль-Марж (ЭльМарж), Эн-Нугат-эль-Хумс (Зувара).
Л. - БУУнун (1955), Араб өлкөлөрү лигасынын (1953), ЭВФтин (1958), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1958), ОПЕКтин (1962), Африка союзунун (1963; 2002-ж. чейин Африка биримдиги уюму), Ислам конференция уюмунун (1969) ж. б. мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү.
Л - унитардык мамлекет. Вашкаруу формасы - конституциялык монархия. Л-нын мамлекеттик түзүлүшү 2011-ж. чейин М. Каддафинин «Үчүнчү дүйнөлүк теориясынын» негизинде аныкталган. Бул теориянын мааниси эл массасынын институтсуз (президент, парламент, өкмөт жана партия) өлкөнү башкарууга тикеден-тике катышуусу. 1977-ж. 2-мартта Ливия Элдик Социалисттик Араб Жамахириясы (СЭЛАЖ) деп жарыяланган. Жарандык согуш жана чет элдик интервенциянын натыйжасында бийликке Улуттук өткөөл кеңеши келип, 2011-ж. 3-августта расмий түрдө Ливия аталып, 1951-69-жылдагы монархиянын тушундагы желекти кайрадан кайтарып берген.
Табияты.
Жер Ортолук деңиздин жээги анча тилмеленген эмес, эң чоң жана жалгыз булуңу - Сидра (Чоң Сирт). Сидра булуңунан батыш тараптагы жээги жапыз, кумдуу, лагуналуу, чыгышы тик, тоолуу. Деңизди жээктей аккумуляциялык түздүк (бийикт. 200 мте чейин) созулуп, чыгышты карай улам жайылат; анда тектон. туюк, туздуу ойдуңдар бар. Жалпысынан Л-нын аймагынын 98% ин субтропиктик жарым чөл (түндүгүн) жана тропиктик чөл (түштүгүн), анын көп бөлүгүн бийикт. 200-600 м келген (эң бийик жери 876 м) платолор ээлейт. Платолор айрым жерлеринде Хамада-эль-Хамра, Эль-Жебель-эль-Ахдар оёңдору менен бөлүнгөн. Түштүгүнөн жанартоолуу Тибести тайпак тоосунун тармактары (бийикт. 2310 жге чейин, Бетте чокусу - Ливиянын эң бийик жери) кирип турат. Чыгыш бөлүгүн Ливия чөлу ээлейт. Байыркы Африка платформасынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Нефть (дүйнөлүк запастын 3%ке жакыны) менен газ кендерине бай; ошондой эле темир, гипс, туз (сал, калий, магнезий туздары), табигый сода, цементтик акиташ теги, чопо, курулуш куму жана ташы, көмүр, фосфорит кендери бар.
Түндүгүнө субтропиктик жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү. Январдын орт. температурасы 11-12°С, июлдуку 27-29°С, максимум температура

57,8°С (Эль-Азизияда) - Жер шарындагы эң жогорку температура. Кышында тоолордо температура 3°Ска чейин төмөндөйт, кар жаайт. Жаан-чачын түздүктөрдө күз-кыш мезгилдеринде 300 мм, плато капталдарында 600 ммге чейин жаайт. Жайында жаан-чачын дээрлик жаабайт. Өлкөнүн калган аймагында тропиктик чөл климаты үстөмдүк кылат, температурасы сезон жана сутка боюнча кескин өзгөрүп турат, абасы өтө кургакчыл. Чөлдөрдөгү кышкы орт. температура 12-18°С, түн ичинде аба 0°Ска, Тибести тайпак тоосунда -15°Ска чейин төмөндөйт. Жайкы орт. темпрасы 32-35°С, эң ысык (50°Стан жогору) жери - Ливия чөлүнүн борбордук бөлүгү. Температурасы жайында сутка ичинде 20°Ска чейин, кышында 40°Ска чейин өзгөрөт. Өлкөнүн бул бөлүгүнүн 93% аймагында жаан-чачындын жылдык өлчөмү 100 жлден ашпайт. Ысык, кургак чандуу бороон (гибли, хамсин) болуп турат.
Туруктуу аккан агын суусу жок. Сидра булуңунун жээгине жакын, Киренаика, Феццан тарыхый обл-нда кургак нуктар - уэддер көп кездешет. Жер астындагы суунун запасы зор; анын жыл сайын калыбына келип туруучу ресурсу 500 миллион м3. Негизги артезиан бассейндери: Марзук, Жебель-Нафуса, Жефара, Эль-Кура, Эль-Ахдар. Түштүк артезиан бассейндеринен суу зор шаркыратма - «Улуу жасалма дарыя» аркылуу (жылына 2300 лг3) сордуруп алынат. Өлкөнүн сугат жеринин (316 миң га) 99% и жер астындагы суу менен сугарылат.
Л-нын аймагынын басымдуу бөлүгүн (98% ин) субтропиктик жарым чөл (түндүгү) жана тропиктик чөл (түштүгү) ээлейт. Жээктей таралган боз жана бозомук-күрөң топуракта сейрек өскөн акация, сикоморлор, тамариск, нымдуурак жерлеринде - маквис, бал карагай, арча кездешет. Жээк тилкеси менен чөлдүн аралыгын шыбак, жапыз өскөн катуу чөп жана бадалчалар ээлейт. Эбегейсиз чөлдүү мейкиндикте өсүмдүктөр дээрлик өспөйт, кургакчылыкта өсүүчү айрым тикендүү бадалдар, бадалчалар жана баялыштар гана кездешет. Флорасы 1800дөн ашык өсүмдүк түрүн камтыйт, анын 7%и эндемиктер. Коргоого алынган аймак өлкөнүн аймагынын 1%ке жакын аянтын ээлейт; алардын эн ирилери: Зеллаф резерваты, Куф улуттук паркы, Гарабулли коргоого алынган аймагы.
Калкы. Калкынын көбүн (86,1%ин; 2009) арабдар, ливиялыктар (71%), египеттиктер (8%), судандыктар (3,6%), тунистиктер (3%), палестиналыктар (0,5%) түзөт. Мамлекеттик дини - ислам. Калкынын басымдуу бөлүгү (97%тен ашыгы) мусулман-сүнөттөр, анын 80-90% и маликиттер, калганы ханафиттер. Тоолуу бөлүгүндө жана айрым оазистеринде берберлер (9,3%), туарегдер жашайт. Төрөлүү (2008-ж. 1000 адамга 25,62 бала) өлүм-житимден (ЮООге 3,46 адам) алда канча жогору. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 77,1 жыл (эркектер 74,8 жаш, аялдар 79,4). Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 3,7 адам (2009). Эң жыш отурукташкан жери түндүгүн- -дөгү жээк тилкеси, анда 1 км2 жерде 50 адамга жетет, ал эми калган бөлүгүндө 1 адамга чейин гана туура келет. Шаар калкы 78% (2008). Ири шаарлары: Триполи, Бенгази, Мисрата, Тобрук, Сабха ж. б.
Тарыхы.
Азыркы берберлердин ата-бабалары Л-ны биздин заманга чейинки 8-миң жылдыктан мекендеген. Алгачкы жамааттык түзүлүш миндеген жылдар бою сакталган. Л. аймагын финикиялыктар (12-9-к.), гректер (7-к.), римдиктер (2-к.), вандалдар (биздин замандын 455-ж.), византиялыктар (533-ж.), арабдар (642-643-ж.), Омеяддар халифаты (7- к-дын 2-жарымы), Аббасиддер мамлекети (12- 13-к.), Мамлюктар султандыгы (13-к-дын ортосу) караткан. Араб урууларынын Л-га көчүрүлүшүнүн натыйжасында жергиликтүү калк (берберлер) арабдашып, ислам дини тараган. 1551-ж. Л. аймагы Осмон империясына кошулган. 17- к-дан Л-ны түрктөр башкарган. 1711-ж. түрктөрдүн Л-дагы бийлиги жоюлуп, өлкөнү Караманли династиясы (1711-1835) башкарган. 1835-ж. кайрадан Түркия (1912-ж. чейин) басып алган. 19-к-дын ортосунда Л-да Осмон империясынын бийлигине каршы көтөрүлүштөр чыккан. 1911- 12-ж. Италия менен Түркиянын ортосунда Л. аймактары (Триполитдния жана Киренаика) үчүн болгон согуштан кийин Л. Италияга караган. Жергиликтүү элдин италиялык колониячыларга көрсөткөн каршылыктарынан улам, Италия аскерлери Л-нын жээк аймактарын гана көзөмөлдөгөн. 1- дүйнөлүк согушта (1914-18) Италия жеңилип калып, аскерлеринин көбүн Л-дан алып кетүүгө мажбур болгон. Анын бийлигинде Хомс, Триполи, Бенгази ш. калган. 1918-ж. Триполитания респ. деп жарыяланган. Италияда фашисттер бийликке келгенден кийин (1923) италиялык өкмөт Л-да согуш аракеттерин улантып, жергиликтүү калкты кырып-жоюуга киришкен. Өлкөнүн экономикасы Италиянын көзөмөлүнө өткөн. 1939-ж. Киренаика, Триполитания жана Феццан
Италиянын курамына кошулуп, генерал-губернатор башкарган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде Л. жерин Италия-Германия аскерлери басып алган. 1943-ж. алар куулуп, Л. Улуу Вритания (Киренаика, Триполитания) менен Франциянын (Феццан) согуштук администрациялык бийлигине өткөн. Согуштан кийин Л. аймагында ар кандай саясий уюмдар жана партиялар (Улуттук партия, Эркин улуттук блок, Бириккен улуттук фронт ж. б.) пайда болуп, бирдиктүү көз карандысыз Ливия мамлекетин түзүүгө аракеттенишкен. 1949-ж. 21-ноябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечиминин негизинде 1951-ж. 7-октябрда Л. Конституциясы кабыл алынып, 1951-ж. 24- декабрда король И. ас-Сенуси (Идрис I) башында турган көз каранды эмес Л. Кошмо Королдугу (Киренаика, Триполитания, Феццан провинцияларынан турган федерация) жарыяланган.
Англия-Ливия (1954) келишимдерине ылайык АКШ менен Улуу Британия Л. жеринде аскерлерин жана согуштук базаларын кармоого укук алган. 1963-ж. Л. федеративдүү мамлекеттен унитардыкка айланган. Аялдар шайлоо укуктарына ээ болгон. 1964-ж. армияда монархияга каршы ЭОЖС (Эркин офицерлер - жаш-социалисттер) уюму түзүлгөн. 1969-ж. 31-сентябрдан 1-августка караган түнү капитан М. Каддафи баш болгон ЭОЖС мүчөлөрү уюштурган мамлекеттик төңкөрүш королдук бийликти кулатып, өлкө Ливия Араб Респ. (ЛАР) деп аталган. Бийлик М. Каддафи (1969-2011) башында турган Революциялык командалык кеңешке (РКК) өткөн. 1970-ж. 27-мартта Л. аймагындагы чет өлкөлүк бардык согуштук базалар (Эль-Адемдеги жана Тобруктагы америкалык базалар ж. б.) жоюлган. РКК империализмге каршы бейтарап саясатты жүргүзгөн. 1972-ж. мартта М. Каддафинин төрагалыгы менен массалык саясий уюм - Араб социалисттик уюму (АСУ) уюшулган. 1973-ж. Каддафи түзгөн «Үчүнчү дүйнөлүк теория» АСУнун идеол. платформасы болуп калган. Бул теориянын негизинде эл ортомчуларсыз (партия, парламент ж. б.) бардык мамлекеттик иштерди башкара тургандыгы пландаштырылып, Л-да «эл массасынын коому» - «жамахирия» түзүлгөн. «Үчүнчү дүйнөлүк теория» эрежелерине ылайык өлкөдө иштеп жаткан мыйзамдар кайра каралып, 1974-ж. күзүндө РКК шариат нормаларына негизделген мыйзам актыларын кабыл алган. 1977-ж. 2-мартта өлкө Социалисттик Элдик Ливия Араб Жамахириясы (СЭЛАЖ) деп жарыяланган. АСУнун Жалпы улуттук конгресси Жалпы элдик конгресс (ЖЭК) болуп өзгөрүлүп, анын жогорку мыйзам чыгаруу функциялары сакталган. ЖЭКтин генералдык секретарлыгына М. Каддафи шайланган. 1969-жылдагы конституциялык декларациянын иши токтотулуп, куран «коомдун башкы мыйзамы» деп жарыяланган. Л. өкмөтү Жогорку элдик комитет (ЖЭКОМ), министрликтер - секретариаттар деп аталган. 1977-ж. элдик бийликти орнотуу жөнүндө декларация кабыл алынып, саясат, экономика ж. б. чөйрөлөрдө бийликтин чечимдерин ишке ашырууга жооптуу болгон ревкомдор түзүлгөн. 1979- жылдан М. Каддафи башында турган СЭЛАЖдын революциялык жетекчилиги өлкөдөгү жогорку саясий бийликти колуна алып, ал расмий түрдө Ливия революциясынын лидери деп аталган.
1970-жылдардын аягында Л. империалисттерге каршы радикалдуу кыймылдарды колдогон. СЭЛАЖ Бенин, Гамбия, Буркино-Фасо, Либерия, Сомали, Эфиопия, Сьерра-Леон, Борбордук Африка Респ-ларына аскердик колдоо көрсөткөн. М. Каддафинин демилгеси менен Триполиде 1977-ж. Л. Сирия, Алжир, Йемен Элдик Демокр. Респ. жана Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун жетекчилеринин кеңешмеси болуп, Улуттук фронт түзүлгөн. 1986-ж. 15-апрелде америкалык авиация Л-га батыш берлиндик дискотекага теракт уюштурган деген күнөө менен Л. аймактарын бомбалаган. 1991-ж. АКШ, Улуу Британия жана Франция СЭЛАЖды америкалык жана фр. жарандык авиалайнерлерди жардырган деп күнөөлөгөн. 1992-ж. АКШ жана Улуу Британиянын талабы боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши Л-га каршы эл аралык санкцияларды киргизген, бирок 1998-ж. бул санкция токтотулган. 2002-ж. М. Каддафи өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, Локерби ш-ндагы теракттан курман болгондордун туугандарына компенсация төлөп берүүнү убада кылган. 2003-ж. июнда ЖЭКтин сессиясында СЭЛАЖ жетекчилиги өлкөгө «элдик капитализм» куруу курсун киргизген. Л-да улуттук экономиканын негизин түзгөн нефть ж. б. ө. ж. тармактары менчиктештирилген. 2008-ж. 3-мартта Сирт ш-нда өткөн Л. «жамахириясынын» 31 жылдыгына арналган салтанатта М. Каддафи нефть сатуудан түшкөн кирешелер ар бир жаранга түздөн-түз бөлүнүп берилерин жарыялаган. Бул чечимге ылайык ливиялык ар бир үй-бүлөгө айына 5 миң ливиялык динар (4166 доллар, 2008) бөлүнгөн. Мындай көз карандысыз, өз алдынча жүргүзүлгөн саясат айрым мамлекеттердин (АКШ, Франция, Италия) кызыкчылыгына туура келбей, 2011-ж. аскердик интервенция уюштуруп, М. Каддафинин бийлигин кулаткан.
Чарбасы.
Л-нын экономикасынын негизин нефть-газ ө. ж. түзөт. Табигый нефть жана газ өндүрүү ИДПнин '/4ге жакын көлөмүн, түшкөн валюта наркынын 95% ин, мамлекеттик бюджеттик кирешенин 90%тен ашыгын түзөт (2008). ИДПнин көлөмү 87,72 миллиард доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 14,2 миң доллардан туура келет (Африка өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч); ИДПнин реалдуу өсүүсү 5,9% (2008). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,847 (дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 55-орунда). ИДПнин
структурасында ө. ж. менен курулушка 70,9%, тейлөө чөйрөсүнө 27,4%, а. ч-на 1,7% туура келет (2008). Өлкөнүн экономикасында мамлекеттик сектордун мааниси зор. Л-нын энергетикасы өзүнүн углеводород сырьёсунун негизинде иштейт. Электрэнергетикасынын негизин табигый газ менен иштеген ЖЭСтер түзөт. 2007-ж. 25,5 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Нефтинин аныкталган запасы боюнча (41,5 миллиард баррель, же 6,6 миллиард Л43; дүйнөлүк запастын 3%тейи) Л. Африкада Нигерия, Алжирден кийинки 3-орунду ээлейт. Л-нын нефтиси арзан өндүрүлгөндүгү жана сапаты боюнча өзгөчөлөнөт. 2007-ж. суткасына 1,85 миллион баррель (2,1 миллион м3ден ашык) нефть өндүрүлгөн; анын 80% ке жакыны экспорттолот. Табигый күйүүчү газдын запасы 1,4 триллион м3 (2007); 2006-ж. 14,8 миллиард м3 өндүрүлүп, 6,4 миллиард м3 керектелген, 9,9 миллиард л«3 экспорттолгон. Газ суюлтуучу ишканалары бар. Негизги нефть продуктулары: отундук мазут, керосин, бензин, ошондой эле этилен, пропилен, метанол, аммиак, карбамид ж. б. Нефть ажыратуучу, нефть-химия, азоттук жер семирткич чыгаруучу заводдору иштейт. Металлургия комбинаты болот, брикеттелген темир, нефть, газ жана суу куурларын ж. б. чыгарат. Кабелдик, автомобиль жана трактор кураштыруу заводдору, металлды кайра иштетүүчү ө. ж. ишканалары иштейт. Текстиль, самын кайнатуу, кагаз, тамеки фабрикалары ж. б. бар. Цемент, акиташ, гипс ж. б. курулуш материалдарын, сал туз, табигый сода өндүрөт. Тамак-аш ө. ж., кол өнөрчүлүк өнүккөн.
А. ч. өлкөнүн азык-түлүккө болгон муктаждыгынын !/4ге жакынын канааттандырат. Өлкөнүн жеринин 1,22% и иштетилет (анын 1,03% и айдоо жер, 0,19% и көп жылдык өсүмдүктөр), 0,5% ке жакыны жайыт. Кайрак дыйканчылы- -гы басымдуулук кылат; сугат жеринин аянты 470 миң га (2003). Сугат жерлердин аянтын кеңейтүү, ошондой эле шаарларды суу менен камсыз кылуу максатында 1983-жылдан суу алып келүүчү «Улуу жасалма дарыя» курула баштады. Анда оазистерден жер астындагы сууну скважиналар аркылуу сордуруп алып, Ливия Сахарасына, өлкөнүн жээк тилкесине жеткирүү пландаштырылган. Дыйканчылыктын негизги аймагы - Л-нын түндүк-батышындагы кууш жээк тилкеси. Негизги дан эгиндери - буудай жана арпа. Триполиге чектеш аймактарда цитрус өсүмдүктөрү, курма пальмасы, алма, бадам, зайтун дарагы, жүзүм өстүрүлөт. Адистештирилген фермаларда жашылча (пияз, помидор ж. б.), картөшкө, бакча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон), жер жаңгак ж. б., өлкөнүн чыгышындагы Барка-эль-Байда платосунда дан эгиндери, зайтун жана мөмө-жемиш дарактары өстүрүлөт. Сахаранын оазистеринде - курма пальмасы, буудай, арпа, ошондой эле таруу, жашылча, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү айдалатынча Өлкөнүн түндүк-батышында кагаздын, целлюлозанын, өрмө-сокмо буюмдардын мыкты сорттору даярдалуучу альфа чөбү жыйналат. Ички көчмөн жана жарым-жартылай көчмөн элдин негизги чарбачылыгы - мал чарбасы. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө дыйканчылык менен айкалышкан жайыт мал чарбачылыгы (негизинен кой, эчки асыроо) сакталган. Ири шаарлардын тегерегинде мал чарба фермалары жана комплекстери иштейт. Жээк сууларынан балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсүнүн башкы тармактары - дүң жана чекене соода, мамлекеттик башкаруу, транспорт жана байланыш, саламаттык сактоо жана билим берүү. Триполиде Л-нын башкы банктарынын кеңселери жайгашкан. Туристтик бизнес жаңы гана өнүгө баштады. 2008-ж. чет элдик 760 миң турист келген.
Негизинен автомобиль транспорту пайдаланылатынча Автомобиль жолунун жалпы уз. 30 миң км- дей. Өлкөнүн ири шаарларын байланыштырган негизги автомобиль магистралдары (Тунистин чек арасынан Египеттин чек арасына чейин) Жер
Ливия акчасы — ливия динары.
Ортолук деңизди жээктей кетет. Т. ж. жок; Триполиден Тунистин чек арасына чейин т. ж. курулууда. Куур транспортунун жалпы уз. 10 623 км (2008), анын ичинде нефть куурунуку 6987 км, газдыкы 2860 км. Деңиз транспорту негизинен сырткы соода жүктөрүн (көбүн чет өлкөлүк кемелер) ташыйт. Л-нын желеги менен 17 деңиз соода кемеси катталган. Негизги деңиз порттору: Эль-Бурайка, Рас-эль-Ануф, Триполи, Эз-Завия, Эз-Зуэйтина, Эс-Сидр. Өлкөдө 141 аэропорт иштейт; Триполи жана Бенгази ш-нда эл аралык аэропорттор бар.
Экспортко нефть жана нефть продуктулары, суюлтулган табигый газ, химикат, болот эритүү үчүн чала фабрикат, болот прокат чыгарат. Экспорттук негизги шериктери: Италия, Германия, АКШ, Испания, Франция. Сырттан негизинен ө. ж. жабдууларын, чала фабрикат, азык-түлүк, транспорт каражаттарын, керектөө товарларын (Италия, Германия, Кытай, Тунис, Франция, Түркия, АКШдан) сатып алат.
Маданияты.
Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону милдеттүү 9-жылдык базалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт жана акысыз. 15 жаштан жогорку калктын сабаттуулугу 89,8% (2012, ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча). ЗОдан ашык ири мамлекеттик ЖОЖдору, Улуттук китепканалары (1973), улуттук архиви (1928), музейлери, илимий мекемелери иштейт. Араб тилинде чыгуучу «Аль-Жумхурия», «АзЗахф аль-Ахдар» ж. б. гезит-журналдары бар. Радиоуктуруусу (1957-жылдан), телекөрсөтүүсү (1968-жылдан) иштейт. Мамлекеттик Жамахирия маалымат агенттиги (1964) бар.
7-8-к-дын башында Л-нын аймагында адабият жалпы араб маданиятынын нугунда өнүккөн. 17- 18-к-да байыркы араб поэзиясынын салтын ээрчиген Омар бен аль-Фарид, Ахмед аль-Бахлюли сыяктуу акындар чыккан. Коомдук проблемалар, жөнөкөй элдин турмушу Али Сидки Абд аль-Кадыр, Ахмед фуад Шинниб, Али ар-Рукейн ж. б. акындардын ырларында чагылдырылган. Л-да 40-50-жылдары пайда болгон проза жанрынын негизги темасы көз каранды эместик, социалдык теңдик үчүн күрөш болгон. Мустафа аль-Мисуратин, Абу Харрус, Ришад аль-Хунин, Мухамед Афифа ж. б. прозаиктердин новеллаларынын каармандары - бедуиндер, балыкчылар, феллахтар менен майда, кол өнөрчүлөр болгон. Египет жазуучуларынын, айрыкча Тахи Хусейндин жана Тауфик аль-Хакимдин чыгармачылыгы прозага күчтүү таасир берген. 60-70-жылдардын башында адабиятка Жума аль-Фарани, Ахмед анНуэйри, Фуазия Бариюун жана Абдель Хафез альМайар сыяктуу прозаиктер жана акындар келет. 21-к-дын башында И. аль-Кунинин чыгармачылыгы («Код» романы, 1999, ж. б.) дүйнөгө белгилүү болгон.


Л-нын аймагында неолит доорунан аска таштарга чегилген сүрөттөр пилдерге, бизондорго
ж. б. жаныбарларга мергенчиликти чагылдырган сүрөттөр, финикия искусствосунун эстеликтери сакталып калган. Байыркы гректердин, римдиктердин, византиялыктардын ар түрдүү курулуштары бар. Италия үстөмдүгү мезгилинде (1912- 43) европалык кварталдар пайда болгон.
Театры.
Л-да биринчи театр египет жана европалык театр искусствосунун таасиринде өнүккөн. Көз каранды эместик жарыялангандан кийин (1951) бир нече өз алдынча жана профессионал коллективдер пайда болгон: Мухтар Рамадан аль-Асваданын улуттук музыкалык-драмалык труппасы, Абдель Хамид аль-Мижрабдын «Аль-Амаль» театры (экөө тең Триполиде). 1963-ж. Триполиде пайда болгон элдик бийдин ливиялык улуттук труппасынын мүчөлөрү элдик салтты кайра жаратууну жана жаңыртууну көздөшкөн. Л-да бир нече элдик музыкалык-бий ансамблдери иштейт: Бенгазиде (1968-жылдан), Дернада (1969-жылдан), Мисратада (1970-жылдан) иштейт.
Ад.: Путинцева Т. А. Тысяча и один год арабского театра. М., 1977; Асадуллин Ф. А. Очерк истории ливийской литературы: Х1Х-ХХ вв. М., 1993; Егорин А. 3. Истории Ливии, XX век. М., 1999; ЕгоринА. 3., Миронова Г. В. Сенуситы в истории Ливии. М., 2006; Ливия//Болыпая Российская энциклопедия. Т. 17. М., 2010.


