ЛИВАНДЫКТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИВАНДЫКТАР, Ливан арабдары, ливандык арабдар - эл, Ливандын негизги калкы. Бразилия, Аргентина, Мексика, АКШ, Венесуэла, Австралия, Канада ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 14-16 миллион киши, анын ичинде 3,7 млну Ливанда (2009). Араб тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери христиан (маронит, православный, мелькит, протестант) жана мусулман (сүннөт, шиит, друз) дининде. Л-дын

этностук негизин арабдар менен ассимиляциялашкан финикиялык жергиликтүү элдер түзгөн. Өлкөдөгү саясий бытырандылык, 1516-ж. Осмон империясынын курамына кириши, 1920-ж. Франция мандатына тиешелүү мамлекет деп жарыяланышы ж. б. Л-дын андан ары консолидацияланышына тоскоолдук кылган, 1943-ж. Францияга болгон көз карандысыздыкты жеңип алуу Л-дын улуттук экономикасынын өнүгүшүнө жол ачкан. Негизги кесиби - соода, кол өнөрчүлүк, дыйканчылык, бакчачылык. Эркектер кийиз калпак, жүндөн токулган куртка, шаровар, аялдар шаровар, көйнөк, жүндөн токулган кафтан
кийип, бетине чүмкөмө жамынышкан. Тамакашы - негизинен дан, сүт, эт азыктары.