ЛИБИХ ЗАКОНУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИБИХ ЗАКОНУ, минимум эрежесиорганизмдердин таралуусунда жана сандык өнүгүүсүндө экол. факторлордун ролун аныктоочу закондордун бири. 1840-ж. немис химиги Юстус Либих түзгөн. Л. з. боюнча организмдин жашоосу экол. фактордун минималдуу көрсөткүчүнө көз каранды. Өзүнүн жашоо-турмушунда организмдер түрдүү чектөөлөргө кезигет, мисалы, бугунун чектелген таралуусу кар катмарынын калыңдыгы, күздүк мыкый үкү көпөлөгүнүкү (жашылча жана дан зыянкечи) - кышкы темпра. Маданий өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү топурактагы эң аз керектүү затка (минералдык элементке) байланыштуу. Мисалы, топуракта зарыл нормадагы фосфордун 20% и, кальцийдин 50% и болсо, чектөөчү фактор болуп фосфордун жетишсиздиги эсептелет, бул учурда фосфору бар жер семирткич керек. Кийинчерээк немис окумуштуусу Э. Митчерлих климаттык факторлордун биргелешкен аракеттеринин эрежесин түзгөн.
Ад.: Либих Ю. И. Химия в приложении к земледелию и физиологии. М.; Л., 1936.