ЛИ АЛГЕБРАСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИ АЛГЕБРАСЫ - каалагандай х, у, г элементтери үчүн 1) (х1/)=0 (мындан көбөйтүү амалы антикоммутативдик экендиги келип чыгат) (ху)=-(ух)-, 2) х(уг)+у(гх)+г(ху)=0 (Якоби теңдештиги, 0 - нөлдүк элемент) шартын канааттандыруучу алгебра. Л. а. математикада 19-к-дын аягында Ли группасын окуп-үйрөнүүгө байланыштуу, ал эми механикада айкын эмес формада андан мурдараак пайда болгон. «Ли алгебрасы» терминин 1934-ж. немис математиги Г. Вейль киргизген. Убакыт өтүү менен Л. а-нын Ли группасындагы, ошондой эле классикалык жана кванттык механикадагы мааниси өстү. Азыр Л. а-сы теориялык группа маселелерин сызыкташтырууда пайдалуу гана эмес кубаттуу каражат катары сызыктуу алгебранын маселелеринин булагы катары кабыл алынууда.
Ад.: Гото М., Гроссханс Ф. Полупростые алгебры Ли. М., 1981; Кац В. Бесконечно мерные алгебры Ли. М., 1993.