ЛЁРМОНТОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛЁРМОНТОВ Михаил Юрьевич [3(15). 10. 1814, Москва - 15(27). 7. 1841, Пятигорск, сөөгү Пен­за губерниясындагы Тархан кыш-на коюлган] - орус акыны. 1828-30-ж. Москвадагы ак сөөктөр пансионунда, 1830-32-ж. Москва университетинде оку­ган. Петербургдагы гвардиялык подпрапорщик­тердин мектебин бүткөн (1834). Пансиондо «Чер­кестер» (1829), «Кавказ туткуну» (1829) аттуу туң­гуч поэмаларын жазган. Университетте окуган жылда­ры В. Г. Велин­ский, Анын Ичинде Гер­цен, Н. П. Огарёв­дор менен ымалада болушу анын коомдук көз кара­шына таасир тий­гизген. Бул кезде «Испандар» (1830), «Кызык­тай киши» (1831), «Маскарад» (1835) драмаларын, «Мо­нолог», «Күн ке­лет...» ж. б. ли-

рикалык ырларын жараткан. 1837-ж. «Акын­дын өлүмү» (А. С. Пушкиндин өлүмү жөнүндө) ат­туу ыры үчүн камакка алынып, Грузияга сүр­гүнгө айдалган. Л-дун чыгармачылыгындагы реа­листтик чеберчилик, коомдук-психол. мазмун­дунтереңдиги «Биздинзамандынкишиси» (1940) романында айкын чагылдырылган. Бул роман - Л-дун реализминин туу чокусу. 1840-ж. Ни­колай 1нин буйругу менен Л. экинчи жолу Кав­казга айдалган. Кавказда (Пятигорск ш.) жүр­гөндө душмандары уюштурган Н. С. Мартынов менен эрөөлдө каза болгон. Л-дун чыгармачылыгы де­кабристтердин көтөрүлүшү басылгандан кийин өнүккөн. Турмуштан көнүл калгандык, эркин, тынчы жок адам жөнүндөгү идеал анын алгачкы романтикалык ырларында жана лирикаларында («Ой», «Көңүлсүзда, капалуу да», «Пайгамбар» ырлары; «Мцыри» поэмасы, 1839; «Маскарад» драмасы, 1835) жеткилең баяндалган. Л-дун көп чыгармаларына жарандык пафос, патриоттук сезим таандык (бүтпөй калган социалдык-тары­хый романы «Вадим», 1832-34; «Бородино», «Акын», «Мекен» ырлары). 1839-ж. жазып бүт­көн «Демон» поэмасында турмуштун дүйнөлүк түзүлүшүнүн адилетсиздигине каршы турган ин­сандын идеяларын, жалгыздык трагедиясын ачып берген. Акындын лирикасында коомдук­жарандык, философиялык жана адамдын керт башына таандык мотивдер жуурулушкан. Өмүрүнүн акыркы айларында «Мекен», «Аска», «Талаш», «Баракча» сыяктуу бийик пафостогу ырларды жазган. Л-дун чыгар-ларына Н. А. Некрасов, И. С. Тургенев, Л. Н. Толстой, Ф. М. Достоев­ский таасирленген, ошондой эле совет поэзиясына (Атап Айтканда Блок, В. В. Маяковский) да таасири тий­генетикалык Кыргыз акын-жазуучулары да Л-дун чыг­ларына кайрылышкан. 1925-ж. К. Баялинов ко­торгон «Үч курмасы» - кыргыз совет көркөм ко­тормосундагы туңгуч тажрыйба. Кийин анын дагы бир нече чыгармасы кыргызчаланды. Л-го арнап кыргыз акындарынын бир тобу ырлар жазган. Ал ырлар «Арноо» деген ат менен 1964-ж. өзүнчө китеп болуп чыккан. Пенза обл-ндагы Лермонтов кыш-нда жана Пятигорск ш-нда акын­дын эстелик үйү бар.

Чыг.: Полн. собр. соч.: В 10 т. М., 1999-2002.

Ац­Лермонтовская энциклопедия. М., 1999; Заха­ров В. А. Летопись жизни и творчества М. Ю. Лер­монтова в оценке русских мыслителей и исследова­телей. СПб., 2002; Висковатый П. А. М. Ю. Лермон­тов: биография. М., 2004; Библиографический указа­тель. СПб., 2007.