ЛЕОН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛЕОН </strong> | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛЕОН, </strong>Сантьяго-де-лос-Кабальерос-де-Леон - Никарагуадагы шаар. Леон департаментинин <abbr data-short="адм." data-full="администрациялык" data-extended="true">администрациялык</abbr> борбору. Тынч океандын <abbr data-short="түн." data-full="түндүк" data-extended="true">түндүк</abbr> жээгинде жайгашкан. Калкы 145,2 мин (2010); өлкөдөгү калкынын саны <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> Манагуадан кийинки 2-шаар. 1524-ж. испаниялык конкистадор Ф. Э. Кордоба тарабынан негизделген. 1609-ж. жер титирөөдөн талкаланган. Шаардын эски бөлүгүнүн калдыгы <em>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</em> тизмесине киргизилген. 1820-52-ж. көз каранды эмес Никарагуанын борбору болгон. Бир кабаттуу шаардын тарыхый курулуштары, кафедралуу собор (18-к.), Сан-Хуан-Баутиста-Сутиаба (17-к.), СанФрансиско (17-к.) ж. б. чиркөөлөр, епископ ак сарайы сакталган. Булгаары, текстиль <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Металл өндүрүшү (медицина столдору, идиш-аяк, газ плита), а. ч. техникалары, самын <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> кир кетирүүчү каражаттар чыгарылат. <abbr data-short="Ил.-из." data-full="Илим-изилдөө" data-extended="true">Илим-изилдөө</abbr> мекемелери, улуттук <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> христиан автономия <abbr data-short="ун-т" data-full="университет" data-extended="true">университет</abbr>тери бар. </p> | ||
[[Category:5-том,_50-100_бб]] | [[Category:5-том,_50-100_бб]] | ||
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЕОН, Сантьяго-де-лос-Кабальерос-де-Леон - Никарагуадагы шаар. Леон департаментинин администрациялык борбору. Тынч океандын түндүк жээгинде жайгашкан. Калкы 145,2 мин (2010); өлкөдөгү калкынын саны боюнча Манагуадан кийинки 2-шаар. 1524-ж. испаниялык конкистадор Ф. Э. Кордоба тарабынан негизделген. 1609-ж. жер титирөөдөн талкаланган. Шаардын эски бөлүгүнүн калдыгы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. 1820-52-ж. көз каранды эмес Никарагуанын борбору болгон. Бир кабаттуу шаардын тарыхый курулуштары, кафедралуу собор (18-к.), Сан-Хуан-Баутиста-Сутиаба (17-к.), СанФрансиско (17-к.) ж. б. чиркөөлөр, епископ ак сарайы сакталган. Булгаары, текстиль жана тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Металл өндүрүшү (медицина столдору, идиш-аяк, газ плита), а. ч. техникалары, самын жана кир кетирүүчү каражаттар чыгарылат. Илим-изилдөө мекемелери, улуттук жана христиан автономия университеттери бар.