ЛЕНКОРАНЬ ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЕНКОРАНЬ ОЙДУҢУ Азербайжан Респ-нын аймагында. Талыш тоосу менен Каспий денизинин аралыгында жайгашкан кууш ( жазылыгы 5-30 км), тектирлүү, денизге карай энкейиш түздүк (чыгыш бөлүгү саздуу, көлү көп). Климаты нымдуу субтропиктик. Июлдун орт. темпрасы 26°С, январдыкы 0-3°С. Жылдык жаанчачыны 1100-1700 мм (максимуму кышында жаайт). Нымдуу субтропиктик жазы жалбырактуу токой жана шалбаалуу-саздак ландшафт мүнөздүү. Саз-шалбаа жана сары-күл топурактары өөрчүгөн. Токою гиркан тибинде, анда каштан, жалбырактуу эмен, катыранкы, ольха ж. б. өсөт. Камыштуу саз жерлери бар. Шалы, чай, тамеки, жашылча, цитрус өсүмдүктөрү, курма, фейхоа, тунг ж. б. өстүрүлөт. Л. о-нун аймагында жана Каспий денизинин ага чектеш жаткан акваториясында Кызыл-Агач кбругу уюшулган.