ЛЕНИН АТЫНДАГЫ ЧОКУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска

ЛЕНИН АТЫНДАГЫ ЧОКУ - Чоң Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында. Бийикт. 7134 м. Чоку кар жана фирн мөңгүлөрү менен капталган. Кар чеги түндүгүндө 4200 м, түштүгүндө 4500 м бийиктикте. Түндүк капталынан Корженевский (уз. 19,5 км), Ленин (13,5 км) жана Каман (8,1 км),

түштүгүнөн Чоң жана Кичи Суукдара (25,2 жана 13,1 км) мөңгүлөрү башталат. Альпинизм өнүк­көн. Чокуга альпинисттерден биринчи болуп 1934-ж. В. Абалаков, К. Чернуха жана И. Лукин чыккан. Чоку Тажикстанда (2006-жылдан) Абу­али-ибн-Сина деп аталат.