ЛЕНИН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЕНИН (Ульянов) Владимир Ильич [10 (22). 4. 1870, Симбирск, азыркы Ульяновск - 21. 1. 1924, Москва губерниясы Горки кыш.] - орустун коомдук-саясий ишмери, Советтик Союз. коммунисттик партиясын жана Совет мамлекетин (к. Советтик Социалисттик Республикалар Союзу) негиздөөчү, Совет өкмөтүнүн алгачкы жетекчиси (1917-24), К. Маркс, Ф. Энгельс тарабынан негизделген коммунизм жөнүндө илимий-теориялык окуунун улантуучусу. 1887-ж. Симбирск гимназиясын алтын медаль менен бүтүрүп, 1887-ж. Казан университетинин юридикалык факультетине өткөн. Ошол эле жылы декабрь айында студенттердин революциячыл жыйындарына катышканы үчүн университеттен чыгарылып, Казан губерниясынын Кокушкино кыш-на айдалган. 1891-ж. Санкт-Петербург университетинин укук факультетине экзаменди экстерн тапшырып, Самарада адвокаттын жардамчысы болуп иштеген. 1893-ж. Петербургга келип, марксисттик ийримдерге катышкан. Анын түздөн-түз демилгеси жана жетекчилиги менен 1895-ж. күзүндө Петербург ш-ндагы марксйсттик ийримдер бир уюмга - «Жумушчу табын эркиндикке чыгаруу үчүн күрөш союзуна» бириккен. Падышалык бийликке каршы кыймылдарга катышып, бийликти кулатууга үндөгөнү үчүн 1895-ж. декабрда камакка алынып, 1897-ж. Енисей губерниясынын Шушенский кыш-на 3 жылга сүргүнгө айдалган. Сүргүндөн кийин 1900-ж. чет өлкөгө кетүүгө мажбур болуп, В. Г. Плеханов, П. Б. Аксельрод, В. И. Засулич, Ю. О. Мартов жана А. Н. Потре-
сов менен бирге «Искра» гезитин чыгара башташкан. 1900-ж. декабрь айында «Искра» гезитине басылган бир макаласын «Ленин» деген псевдоним менен чыгарып, бул анын түбөлүк ысмына айланган (мындан тышкары В. Ильин, В. Фрей, Ив. Петров, К. Тулин, Карпов ж. б. псевдонимдери болгон). 1903-ж. РСДРПнин 2-съездинде (Брюссель, Лондон) добуш берүүдө социал-демокр. кыймыл болыиевиктер (көп добуш бергендер) жана меныиевиктер болуп бөлүнүп, мындан ары болыпевиктер партиясын Л., меньшевиктерди Мартов жетектей баштаган. 1904-ж. Л-дин демилгеси жана жетекчилиги менен Женевада болыпевиктердин биринчи «Вперёд» гезити (1904-05) чыгарыла баштаган. Бул мезгилде Л. РСДРП БКнын курамынан чыгарылган [7 (20). 2. 1905]. 1905-ж. 8 (21)-ноябрда Л. эмиграциядан Петербургга келип, болыпевиктер партиясын куралдуу көтөрүлүшкө даярдоо планынын үстүндө иштеп, «Жаңы турмуш» гезитин чыгара баштаган. Полициянын куугунтугуна байланыштуу 1906-08-ж. кайрадан чет өлкөлөрдө (Финляндия, Швейцария, Франция) эмиграцияда болгон. 1917-ж. Февраль революциясынан кийин Л. эмиграциядан Петроградга кайтып келип, 4-апрелде социалисттик революциянын жеңиши жөнүндө сүйлөгөн («Апрель тезистери»). 1917-ж. июль айында өлкөдө кош бийлик жоюлуп, бийликке келген Убактылуу өкмөт Л-ди камакка алуу тууралуу буйрук берген. 1917-ж. 7-октябрда жашыруун түрдө Выборгдон Петроградга келип, Смольныйда штаб уюштуруп, 24-октябрда башталган куралдуу көтөрүлүштү жетектеген. Советтердин бүткүл россиялык 2-съездинде Л. ЭКСтин төрагалыгына шайланып, 1918-жылдан жумушчу-дыйкандардын коргонуу советинин төрагасы, Бүткүл союздук БАК (ВЦИК) менен БАКтын (ЦИК) мүчөсүнүн кызматын аткарган. 1918-ж. Германия менен Брест-Литовск тынчтык келишимин түзүүдө чоң салым кошкон. Мындан тышкары Л-дин жетекчилиги менен СССР мамлекети, Совет өкмөтү, Кызыл Армия (к. Советтик армия) ж. б. түзүлгөн жана жаңы
бийликти чындоо үчүн «согуш коммунизми», жаңы экономикалык саясат (НЭП) ж. б. иш-чаралар жүргүзүлгөн. 1918-19-ж. Германия жана Австрия-Венгриядагы монархиялык бийликтин кулашын Л. жана анын тарапкерлери дүйнөлүк пролетардык революциянын башталышы катары эсептешкен. Л. башка мамлекеттерде революциялык процесстерди күчөтүү үчүн Коммунисттик интернационалды түзүүнү сунуштап, 1919-жылдын 2-6-июнунда Москвада өткөн Коммунисттик интернационалдын 1-конгрессинин ишин жетектеген. 1923-жылдан кийинки негизги эмгектерине «Эл достору деген эмне жана алар социал-демократтарга каршы кандай күрөшүп жатат» (1894), «Россияда капитализмдин өнүгүшү» (1899), «Эмне кылуу керек?» (1902), «Бир кадам алга, эки кадам артка» (1904), «Материализм жана эмпириокритицизм» (1909), «Империализм - капитализмдин жогорку стадиясы» (1916), «Мамлекет жана революция» (.1917), «Биздин революция жөнүндө», «Аз болсо да жакшы болсун» ж. б. макалалары жана «Съездге кат», «Улуттар жөнүндөгү же “Автономиялаштыруу” жөнүндөгү маселеге карата» ж. б. каттары кирет. Л-дин өмүр таржымалын жана жасаган иштерин изилдөө үчүн РСФСРде жана СССРде атайын мекемелер түзүлгөн: В. И. Ленин атындагы Коомдук-тарыхый музей (1919), Партиянын тарыхы алдындагы Лениндин музейи (1920), В. И. Ленин институту [1923; 1931- жылдан ВКП(б) БКнын алдындагы Маркс - Энгельс - Ленин институту, 1956-жылдан КПСС БКнын алдындагы Марксизм-Ленинизм институту], кийин Москвада ушул институттун алдында В. И. Лениндин Борбордук музейи ачылган. СССРде Л. жашаган үйлөр музейлерге айланган. Мындай үй-музейлер Ульяновскиде (1923), Казанда (1937), Татарстан Респ-нын Пестречинск р-нунун Ленино-Кокушкино айылында (1939), Куйбышевде (азыркы Самара, 1939), Шушенский кыш-нда (1938) ж. б. жерлерде ачылган. Л-дин эмгектери дүйнө жүзүндө эң көп нускада жарык көргөн. СССРде Л-дин чыгармаларынын биринчи басылышы 1920-26-жылдары (1-20-т.) чыккан. Л-дин атынан Ленин чокусу, Ленин мөңгүсү, Ленинакан платосу, Москвадагы Ленин (азыркы Воробьёвы) дөңсөөсү, Ленинград (Санкт-Петербург), Ульяновск, Ленинск, Ленинск-Кузнецк, Лениногорск, Ленинабад (азыркы Хожент), Ленинакан (азыркы Гюмри) шаарлары, көптөгөн кыштактар, Москва метрополитени ж. б. аталган. Л-дин урматына Ленин ордени жана Ленин атындагы сыйлык түзүлгөн.
Эмг.: ПСС. 5-е изд. М., 1958-1965. Т. 1-55.
Ад.: Лениниана: Библиографический указатель произведений В. И. Ленина и литературы о нём. М., 1971-1990. Т. 1-10.
