ЛЕЙЛЕК МРАМОР КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛЕЙЛЕК МРАМОР КЕНИ Баткен обл-нун Лейлек р-нунда, Өзгөрүш кыш-нан 5 км түш. тарапта, Түркстан кырка тоосунун түн. капталында, Лейлек суусунун оң өйүзүндө. 1951-ж. табылып, 1973-75-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын силур м-н девондун карбонат-терриген чөкмөлөрү ж-а антропогендик борпоң тектер түзөт. Мрамор катмары девондук чөкмөлөрдүн арасында жатат. Калыңдыгы 1200-1300 м. Мрамор майда бүртүкчөлүү, ак, агыш боз ж-а каралжын боз түстөрдө, көбүнчө жол-жол темгилдүү кооз чиймелер учурайт. Оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Сүрүлүп жылмаланганда өтө кооз көрүнөт. Блоктуулугу 0,5-5 м3. Запасы 3240 миң м3. Мрамор имараттардын дубалдарын кооздоп каптоого ж-а кооз буюмдарды жасоого жарактуу.