ЛАУЭ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАУЭ Макс Феликс Теодор фон (9. 10. 1879, Пфаффендорф - 24. 4. 1960, Берлин) - немис физиги (ФРГ), СССР ИАнын чет элдик мүчөсү. Гёттинген, Мюнхен ж-а Берлин ун-ттеринде окуган. Цюрих (1912-14), Франк­фурт (1914-19), Берлин (1919-43), Гёттинген (1946- жылдан) ун-ттеринде проф.

Гёттинген физ. ин-тунда ди­ректордун орунбасары (1946-51), Далемдеги физ. химия ж-а электр-химия (1951-53) ж-а Фриц Хабер ин-тунун (1953-жылдан) ди­ректору болгон. 1912-ж. рентген нурларынын дифракциясынын теориясын сунуштаган. Л-нин эмгектери салыштырмалуулук теориясына, өтө өткөргүчтүккө, Комптон эффектисинин тео­риясына ж. б. кубулуштарда изилдөөгө арнал­ган. Атомдук изилдөөлөргө ж-а атомдук курал­данууга каршы чыккандардын бири. Нобель сыйл. лауреаты (1914).

Эмг.: История физики. М., 1956; Статьи и речи. М., 1969.