ЛАМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАМА (Ьаша) - төөлөр тукумундагы ача туяктуулар уруусу. Л. кадимки төөдөн кичине ж-а өркөчү жок.
Бийикт. 140 см, салмагы 80-110 кг. Жүнү ичке, узун. Өңү ак, күрөн кызгылтым ж-а кара, кээси чаар. Көбүнчө жалкы, кээде эгиз тайлак (11 ай көтөрүп) тууйт. Түш. Американын бөксө тоолоруна таралган. Л-нын 2 түрү - гуанако ж-а викунья бар, экөө тен бакмалаштырылган. Жапайы Л. бакмасы м-н аргындаштырылып, тукумчул Л-лар чыгарылган. Украинада «Аскания-Нова» коругунда асыралат. Перу, Боливияда күч унаа катары пайдаланылат. Жүнүнөн ар кандай калын кездеме токулат.
