ЛАКТАМДАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАКТАМДАР - молекулаларынын шакекчесинде -СО —ЯН— топтору бар амин-карбон к-таларынын ички циклдүү амиддери:
/ С=0
(СН2)„
-- N4
Алар негизинен аминкарбон к-таларын же алардын туздарын, о. эле галогендүү же оксикарбон к-таларынын амиддерин циклдөө м-н алынат. Л. алкилдөө, галогендөө реакцияларына жеңил кирип, анда циклдери сакталат. Ал эми гидролиз, полимерлөө ж. б. реакцияларда лактам шакекчелери -СО-ЙНбайланыщтарынан ачылат. Лактам шакекчелеринин туруктуулугу аларды түзгөн шакекчелердин санына ж-а андагы атомдордун топторуна жараша болот. 5-6 шакекчелүү Л. башкаларга салыштырмалуу туруктуу келет. Шакекчелери жети же андан көп атомдордон турган Л. жеңил полимерленет. Мис., г-капро-
лактамды полимерлөөдөн поликапроамид пайда болот. Андан капрон буласы алынат. Көпчүлүк Л. биол. активдүү касиетке ээ.