ЛЕКСИКОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛЕКСИКОЛОГИЯ (лексика ж-а ...логия) - тил илиминде тилдин сөздүк курамынын азыркы абалын ж-а анын тарыхый өсүш өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү бөлүмү. Изилдөө процессинде тилдин сөздүк курамынын мыйзам ченемдерине карай, сөздөрдүн стилдик классификациясын, сөздөрдү адабий тил нормасында ылгоонун жолдорун, профессионализм, диалектизм, архаизм, неологизм, туруктуу сөз айкаштарын нормага салуу сыяктуу маселелерин иштеп чыгат. Семасиология, этимология, сөз жасоо ж-а стилистика, лексикография Л. м-н тыгыз байланыштуу.