ЛЕЙТМОТИВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛЕЙТМОТИВ (нем. 1еИшоНу - сөзмө-сөз - негизги мотив, жетектөөчү мотив) - 1) ад аб и ят таанууда чыгарманын негизги мотиви (идеясы) катары өтмө мааниде колдонулат. Л. кейипкердин, көрүнүштүн мүнөздөмөсү же шарттуу белгиси катары кызмат кылат. Чыгармадагы негизги өзөк болуп жүргөн нерсе Л-ди түзөт. Мис., «Манас» эпосунун Л-и - бытыранды кыргыз журтун бириктирүү, тышкы душмандардан коргоп туруу, Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинин Л-и - коомдогу адамдын турмушу м-н сүйүүсүндө эркиндикти даңазалоо. «Л.» термини адамдын ишмердигинин башталышын аныктоодо, окуялардын тегерегинде ой жүгүртүүдө ж. б. да кеңири колдонулат; 2) м у з ы к ад а салыштырмалуу чакандыгы, таасирдүүлүгү м-н айырмаланып, муз. чыгарманы аткарууда улам кайталануучу обон, кайрык. Л. чыгарманын каарманынын, бир кубулуштун, сезимдин же айтылуучу ойдун белгиси - «тамгасы» болуп эсептелет. Л. катары обон, үндөштүк кайрык, үч үндүк же аспаптык тембр пайдаланылышы да мүмкүн. Л. 19-к-дан тартып муз. театр жанрында, программалуу симф. чыгармаларда ж. б. колдонула баштаган.