ЛЕЙПЦИГ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛЕЙПЦИГ, Лайпциг - Германиянын баты­шындагы шаар. Саксония жеринде. Түн. Герма­ния түздүгүнүн түш. бөлүгүндө, Вайсе-Эльстер д-нын боюнда жайгашкан. Лейпциг округунун адм. борбору. Калкы 521,0 миң (2010). Тогуз жол­дун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу, хим., полигр., текстиль, тигүү ө. ж. ишка­налары иштейт. Ун-т (1409), бир нече ЖОЖ, Лейпциг көркөм сүрөт академиясы, Саксония ИАнын филиалы, ЗОга жакын ИИИ, музейлер (а. и. асем өнөр, этногр., Германия китеби ж-а жазмасы ж. б.), И. С. Бахтын, Ф. Мендельсон­дун ж. б-дын үй-музейи бар. Алгач 1015-жыл­дан эскерилет. 13-15-к-да Саксониянын адм. борбору. Л-де 15-к-дын аягынан китеп басы­лат. Л. - Германиядагы о. кылымдан берки муз. борбор. 1212-ж. Ыйык Фома чиркөөсүндө ыр мектеби ачылып, эркек балдар хору түзүлгөн (учурда «Томанерхор»). 1802-жылдан консерва­тория (Ф. Мендельсон уюштурган), дүйнөгө бел­гилүү муз. басма иштейт. Шаардын тарыхый борборунда чиркөөлөр (13-16-к.), 16-18-к-дын курулуштары сакталган. Л-де жыл сайын дүйнөгө белгилүү китеп көргөзмө-жармаңкеси, кыска метраждуу даректүү фильмдердин ж-а му­зыка фестивалдары, баалуу терилер аукцион көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат.