ЛАТЫН АМЕРИКАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ АССО- ЦИАЦИЯСЫ —: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАТЫН АМЕРИКАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ АССО­ЦИАЦИЯСЫ — Латын Америкасындагы 12 өл­көнүн аймактык соода-экон. бирикмеси. Ага Аргентина, Боливия, Бразилия, Венесуэла, Ко­лумбия, Куба, Мексика, Парагвай, Перу, Уруг­вай, Чили ж-а Эквадор мүчө. Латын америка­лык эркин соода ассоциациясынын базасында түзүлгөн. Негизги максаты - латын америка­лык жалпы рынокту түзүүгө укуктук принцип­тердин ж-а субрегиондук экон. интеграциянын процесстерин камсыздаган нормалардын неги­зинде шарт түзүү. Саясий органдары - тышкы иштер б-ча министрлер кеңеши ж-а өкүлдөр к-ти. Ал эми тех. органы болуп генералдык секретариат эсептелинет. Конференциясы үч жылда бир же зарыл учурда чакырылат. Уюм­дун принциптери ж-а иш-чараларынын багы­ты Монтевидео келишими (1980) б-ча анык­талат. Штаб-квартирасы Монтевидео ш-нда (Уругвай).