ЛАПТЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАПТЕВ Харитон Прокофьевич (1700-1763/ 64) - орус уюл изилдөөчүсү ж-а деңиз сүзүүчүсү. 1-рангдагы капитан. Д. Я. Лаптевдин аталаш тууганы. 1718-ж. гардемарин, кийинчерээк мич­ман болгон. Л. 1739-ж. Якутскдан «Якутск» ке­меси м-н С. И. Челюскин, Н. Чекин ж-а Г. Мед­ведев м-н чыгып, Лена д-нан Хатанга д-на че­йинки аралыкты ж-а Таймыр ж. а-н ачып, изил­деген. Хатанга булуңун, Пясина ж-а Хатанга д-н картага түшүргөн. Чоң ж-а Кичи Бегичев а-н ж-а Бырранга тоосунун борб. бөлүгүн, бир нече бухтаны (а. и. Нордвик), жээкке жакын жайгашкан аралдарды ж-а тумшуктарды ач­кан. 1743-ж. Санкт-Петербургга келип, Балти­ка флотунда кызматын уланткан. Анын ысмы­нан Таймыр ж. а-ндагы деңиз жээги, Челюскин ж. а-ндагы тумшук, аталаш туугандар Лаптев­дердин урматына Түн. Муз океанындагы деңиз аталган.