ЛАПАЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАПАЗ Көкөз уулу (1899, азыркы Ош обл., Өз­гөн р-ну, Куршаб айылы - ө. ж. б.) - манасчы. Л-дын тогуз атасына (Белек, Тасма, Эшполот, Дүйшө, Такабай, Кайназар, Кененсары, Матен, Көкөз) чейин «Манас» айтып өтүшкөн. Л-дын «Манасы» башка варианттардан Жакыптын ата­сынын алмашылып айтылгандыгы, кыргыздар­дын кытайларга чабылып, Жакыптын сүрүлүшү ж-а Манастын төрөлүү мотиви б-ча айырмала­нат. Анын варианты Таласты мекендеген Бөйөн кандын уулу Чаяндан Жакып туулуп, Чаян өл­гөндөн кийин Жакыптын кан болуп турушу­нан башталып, Жакыптын Чыйырды деген ая­лынан Манас, Бакдөөлөттөн Абыке, Көбөш де­ген балдары болот. Чыйырдынын боюнда бар кезинде кыргыздарды кытайлар чаап, Манас ошол сүргүндө төрөлөт. Манас 12 жашка чык­канда кырк жигит чогултуп, Кошой м-н бирге кытайларга каршы согушуп, элин кытайдын эзүүсүнөн бошотот. Коңурбай Манасты чаап алуу үчүн миңдеген колу м-н келип, жылкы тийип кетет. Согушта кытайлар жеңилет, Бээжинге Кошойду кан көтөрөт. Коңурбай жеңилдим, күнөөмдү кеч деп суранымыш болуп, Манасты алдап, айбалта м-н жарадар кылат. Ал согуш­та Алмамбет, Сыргак, Чубак ж-а Манастын Ак­куласы окко учат. Манастын жарааты айыкпа­сын билген Каныкей ага арнап күмбөз салды­рып, бирок сөөгүн башка жерге койдурат. Л-дан жазылган «Манас» варианты КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.