ЛАНТАНОИДДЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАНТАНОИДДЕР (лантан ж-а гр. ехбоз - түспөл, көрүнүш) - элементтердин мезгилдик системасынын III тобу, 6-мезгилинде лантандан кийин орун алган, катар н. 58ден 71ге чейинки 14 хим. элементтин жалпы аталышы. Л. эки топко бөлүнөт: церий тобуна - Ба, Се, Рг, N6, Рт, 8т, Еп, иттрий тобуна — О<1, ТЬ, Бу, Но, Ег, Тш, ҮЪ, Ьи. Церий тобуна кирген элементтер жеңил, иттрий тобундагылар оор элементтер деп аталат. Л. ж-а касиеттери аларга окшош скандий, иттрий сейрек жер элементтер тобун түзөт. Л. м-н лантан жер кыртышында массасы б-ча 1,78’10“2%ти түзөт. Жаратылышта Л. чогуу кездешет. Ар бир элементти өзүнчө бөлүп алуу кыйын, анткени алардын касиеттери абдан окшош. Л. жер кыртышында 180ден ашык минералдын курамында болору белгилүү. Л.- күмүш түстүү жалтырак, ак, ийилгич, оңой иштетилүүчү металлдар. Алардын атомдорунун, церийден лютецийге карай, тышкы эки катмарындагы электрондорунун санынын өзгөрүшү көп байкалбай, ядролорунун оң заряды акырындык м-н көбөйгөндүктөн, электрондор ядрого күчтүүрөөк тартыла баштайт. Бул кубулуш лантаноиддик кысыл у у деп аталат. Церий тобундагы элементтердин эрүү темп-расы иттрий тобунун элементтерине караганда жогору болот. Л. хим. жактан алюминий ж-а цинктен активдүү келип, касиеттери б-ча щелочтуу жер металлдарына окшош болушат. Алар суу м-н аракеттенип, суутекти сүрүп чыгарып, эрибеген гидроксиддерин пайда кылышат. Абада оксид кабыкча м-н капталат, ысытканда Ме2О3 курамындагы оксиддерди пайда кылат. Галогендер, галогендүү суутектер, углеводороддор, бор ж-а күкүрт м-н аракеттенип тиешелүү, бирикмелерди пайда кылат. Фториддеринен башка галогениддери, нитраттары, перхлораттары сууда жакшы эришет, фосфаттары, карбонаттары ж-а оксалаттары эрибейт. Оксалаттары м-н карбонаттары 800—900°Ста оксиддерин пайда кылуу м-н ажырайт. Бир катар орг. заттар м-н комплекстүү бирикмелерди беришет. Л. концент., суюлтулган күкүрт, азот ж-а туз к-талары м-н аракеттенип, тиешелүү бирикмелерди пайда кылат. Башка металлдардан экстракция жолу м-н бөлүп алынат. Мында хроматография (ион алмашуу) методу чогуу колдонулса өтө таза Л. алынат. Л. болот, чоюн ж. б. куймаларга бир аз кошулса, алардын мех. бекемдигин, коррозияга туруктуулугун, ысыкка чыдамдуулугун жогорулатат. Л-дин бирикмелери айнектин атайын түрлөрүн алууда, кездеме ө. ж-ында, лак ж-а боёк жасоодо, дефектоскопия куралында, радиоэлектроникада, о. эле лазер нурун алууда ж-а рентген диагностикада да колдонулат.
Ад.: Асанов Ү.А., Кудайбергенов Т. Т., Рысмендеев К. Жалпы химия. Б., 1998.