ЛАНДШАФТ ТААНУУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАНДШАФТ ТААНУУ - физ.-географиянын табигый-аймактык комплекстерди (геосистемаларды) изилдөөчү тармагы. Л. т. физ.-геогр. жиктөөнүн физ.-геогр. райондоштуруунун ж-а геогр. ландшафттын закондорун окутат. Табигый ж-а табигый-антропогендик ландшафттар ж-дөгү илим, физ. географиянын тармагы. Л. т. региондук физ. география тармагы катары тез өнүгүп жаткан жаш илим. Л. т-нун айланасында ландшафттын морфологиясы, геотопология, ландшафт геохимиясы, ландшафт физикасы, колдонмо Л. т. башка бир нече тармактар пайда болду. Л. т-да дистанциялык (а. и. космостук), стационардык, матем. ж-а картогр. ыкмалар колдонулат. Башкы ыкмасы - ландшафтты сүрөткө тартуу. Картогр. ж-а матем. моделдөө да маанилүү Л. т-нун башкы милдети - жаратылышка аяр мамиле жасап, табиятты коргоо. Л. т-нун өнүгүшүнө В. В. Докучаев ж-а анын шакирттери Л. С. Берг, А. А. Григорьев, С. В. Калесник өңдүу орус илимпоздору зор салым кошкон, к. Ландшафт.