ЛАЗАРЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАЗАРЕВ Михаил Петрович [3(14). 11. 1788, Владимир - 11(23). 4. 1851, Австрия, Вена] - орус флотчусу ж-а деңиз сүзүүчү, адмирал (1843), генерал-адъютант (1833). Деңиз кадет корпусун бүткөн (1803). Андан соң гардемарин наамын алып, бир нече тарбиялануучулар м-н британиялык флотко волонтёр болуп жиберилген.

Алардын кемесинде 5 жылга чукул сүзүп, Жер Ортолук деңизге, Атлантика ж-а Тынч океандарына болгон экспедицияга катышкан. Вест-Индияга да барган. Белгилүү окумуштуу ж-а
Антарктиданы изилдөөчү. 1813-25-ж. 3 жолу (а. и. 1819-21-ж. «Мирныйдын» командири Ф. Ф. Беллинсгаузендин Антарктиданы ачкан экспедициясы м-н) Жер шарын айланып сүзүп чыккан. 1827-ж. Наварин салгылашында «Азов» кемесинин командири. 1833-50-ж. Кара деңиз флотунун ж-а Кара деңиз портторунун башкы командачысы. «Азов» кемеси орус флотунда алгачкылардан болуп, эң жогорку сыйлыкка - Георгий желегине (кеменин артына тагылган) татыктуу болгон. Аскер-деңиз ишине көрүнүктүү салым кошкон. Л-дин окуучулары П. С. Нахимов, В. А. Корнилов, П. С. Пахомов, В. И. Истомин, Г. В. Бутаков ж. б. Л-дин геогр. экспедициялары дүйнөлүк илимге чоң салым кошкон. Париж ИАнын ж-а Орус география коомунун ардактуу мүчөсү. Анын атынан Тынч океандагы атолл, Амур лиманындагы тумшук, Япон деңизиндеги бухта ж-а порт, 2 антарктикалык станция, Антарктидадагы деңиз ж-а тоо тизмеги аталып, Аскер-деңиз флотунун кемелери анын атын алып жүргөн. 4-даражадагы Ыйык Георгий (1817), Ыйык Александр Невский (1837), 1-даражадагы Ыйык Владимир (1845) ж-а Ыйык Андрей Первозванный (1850) ордендери м-н сыйланган. Сөөгү 1992-ж. Севастополго алынып келинип, кайрадан коюлган.
Ад.: М. П. Лазарев: Документы. Т. 1-3. М., 1952- 1961; Никульченков К. И. Адмирал Лазарев. М., 1956; Черноусов А. А. Адмирал М. П. Лазарев: Малоизвестные страницы жизни и деятельности. Севастополь, 2008.