ЛЕБЕДЙНОВКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛЕБЕДЙНОВКА - Чүй обл-нун Аламүдүн р-нун­дагы кыштак, райондун адм. борбору. Лебеди­новка айыл аймагына караштуу. Бишкек - Ба­лыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 760 м бийиктикте жайгашкан. Бишкек ш-на ба­тышынан туташат. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1891-ж. негизделген. Калкы 20 709 (2009); негизинен дыйкан чарба­ларында эмгектенет. Эки орто мектеп, китеп­кана, бала бакча, мад-т үйү, клуб бар. Учук оору­лар диспансери, турмуш-тиричилик кызматы­нын бөлүмдөрү, Аламүдүн тери өндүрүш бирик­меси, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Соц. Эмг. Баатырлары А. Я. Семёнистова ж-а А. Т. Бочкарёва туулган.