ЛАТЫШТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАТЫШТАР, латвиеши (өздөрүн латвие­ши деп аташат) - эл, Латвиянын негизги кал­кы. Россия (18,9 миң, 2002), АКШ (87, 6 миң, 2000), Канада (27,9 миң, 2006), Улуу Британия (30 миң, 2006),

Австралия (18,9 миң, 2001), Ирлан­дияда (14 миң, 2006) да жашашат. Жалпы саны 1,6 млн киши, а. и. 1,3 млну Латвияда (2011). Латыш тилинде сүйлө­шөт. Динге ишенгендери - протестанттар ж-а като­ликтер. Л-дын ата-баба­лары б. з. ч. 3-2-миң жылдыкта Латвия айма­гын мекендеген балт уруулары (латгал, сел, зем­гал ж-а куршей ж. б.) болгон. О. эле алардын курамына балтика-финн боюндагы уруулар - ливдердин тукумдары кирген. 10-12-к-да Л-дын алгачкы мамл. түзүлүшү - Талава, Ерсика ж-а Кокнесе княздыктары пайда болгон. 12-к-дын аягында Л. немистерге, 16-к-да Литва улуу княздыгына, 18-к-дын аягында Россия империя­сына караган. Этностук биригүүнүн натыйжа­сында латыш эли түзүлүп, 19-к-да улут катары калыптанган. 1940-ж. Л. СССРдин курамына кирип, 1991-ж. Көз каранды эместик ж-дө дек­ларация кабыл алган. Негизги кесиби - дый­канчылык, мал чарбачылык, балык уулоочу­лук. Аялдар негизинен туника сымал узун ак көйнөк, чакмак бел көйнөк - юбка (кээде сара­фан) кийип, башына жибек жоолук салынып, ак түстүү чачылуу жамынма жамынат. Кыздар башына шуру бастырылган кызыл түстүү топу, келиндер саймаланган кеп такыя (чепец) кийи­шет. Эркектер узун күрмө, шым, көйнөк,

башы­на шляпа (майрам күндөрү кара же боз түстүү) кийип, белине кур курчанат. Улуттук тамак­ашы негизинен дан (негизинен буурчак), сүт, эт азыктарынан даярдалат. Кара буудай, арпадан тартылган пиво, зараң ж-а кайың ширеси улут­тук суусундук катары колдонулат. Салттуу май­рамдары - Рождество, Жаны жыл, Пасха, Ива­нов күнү ж. б.

Ш. Керимова.