ЛАПТЕВДЕР ДЕҢИЗИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы

ЛАПТЕВДЕР ДЕҢИЗИ (мурдагы аттары - Си­бирь, Норденшельд) - Түн. Муз океандагы чет­ки деңиз. Батышынан Таймыр ж. а., Түн. Жер а., чыгышынан Жаңы Сибирь а. м-н чектешет. Батышында Вилькицкий кысыгы ж-а Түн. Жер а-нын ортосундагы кысыктар аркылуу Кара (Карск) деңизи, чыгышында Дмитрий Лаптев, Этерикан ж-а Санников кысыктары аркылуу Чыгыш Сибирь деңизи м-н туташат. Аянты 662 миң км2, суусунун көлөмү 353 миң км3, эң терең жери 3385 м. Ири булуңдары: Хатанга, Оленёк, Буор-Хая. Деңизге Хатанга, Лена, Яна ж. б. дарыялар куят. Деңиз материктик сай­роондо жайгашкан, ал океан таманын карай тик түшөт. 50 з«те чейинки терендик деңиздин 53%тейин, 1000 жден терең жери 22% аянтын ээлейт.

Л. д. - дүйнөдөгү климаты өтө катаал деңиз­дердин бири. Уюлдук түн түштүгүндө 3 айга, түндүгүндө 5 айга, уюлдук күн да ушул эле мөөнөткө созулат. Абанын 0°Стан төмөнкү темп­расы түндүгүндө 11 ай чамасында, түштүгүндө 9 айга созулат. Январдын орт. темп-расы -34°Ска чейин (абс. минимуму -61°С), июлдуку түн. че­гинде 0°Стан түш. жээктеринде 4°Ска чейин, кээ­де 22-24°Ска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Кышын­да катуу шамал (шторм), бурганак, жайында туман болуп турат. Л. д. суусунун өтө муздак­тыгы м-н өзгөчөлөнөт. Кышында муз катмары­нын астындагы суунун темп-расы деңиздин түш.- чыгышында-0,8°С, түндүгүндө -1,8°С, тереңдик­терде -1,6°Стан -1,7°Ска чейин. Дениздин 250- 300 м терендеги бөлүгүндө атлантика суусу кый­ла жылуу (1,5°Ска чейин) келип, андан да терен жерйнде 0,8°С темп-ра үстөмдүк кылат. Жа­йында муздан арылган бөлүгүндө, булуңчалар­да суунун жука катмары 8-10°Ска, деңиздин борб. бөлүгүндө 2-3°Ска чейин жылыйт; ал эми муз каптаган бөлүгүндө суунун темп-расы то­нуу чегине жакын болот. Эриген муз ж-а ага куйган дарыя (730 км3 чамасында) суулары Л. д-нде жыл ичинде 135 см калындыктагы тузсуз суу катмарын пайда кылат. Туздуулугу кышын­да түш.-чыгышында 2О-25%о, түндүгүндө 34%оге чейин. Жайында суунун туздуулугу түш.-чыгы­шында 5-10%оге чейин төмөндөйт, түндүгүндө ЗО-32%о. Дениздин үстүнкү агымы суунун цик­лондук айлампасын пайда кылат. Суткасына 2 жолу ташкындайт (орт. бийикт. 0,5 м, Ха­танга булуңунда 2 жге чейин). Жээги канаттуу­лар (кайра, чардак, чистик) базары. Морж, түлөн, деңиз коёну (лахтах), нерпа ж. б. бар. Арктиканы изилдеген орус саякатчылары - Д. Я. Лаптев м-н X. П. Лаптевдин ысмынан аталган. Л. д. - Түндук деңиз жолунун бир бөлүгү. Ташылган жүктүн негизги түрлөрү: жы­гач, курулуш материалдары, баалуу терилер. Дарыя чаттарынан балык кармалат. Башкы порту - Тикси.

Ад.: Карелин Д. Б. Море Лаптевых. М.; Л., 1946; Леонтьев О. К. Физическая география Мирового океана. М., 1982; Залогин Б. С„ Косарев А. Н. Моря. М., 1999; Геоэкология шельфа и берегов морей России. М., 2001.