ЛАГРАНЖ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАГРАНЖ Жозеф Луи (25. 1. 1736, Турин - 10. 4. 1813, Париж) - француз математиги ж-а механиги. Париж ИАнын мүчөсү (1772), Петербург ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү (1776). 1759-ж. Берлин ИАнын мүчөсү, анын президенти (1766-87). 1787-ж. Л. Парижге келген, 1795- жылдан Нормалдуу ж-а политех. мектепте проф. (1797). Эмгектери вариациялык эсептөө, анализдик ж-а теор. механикага арналган. Ал алгебра, сандар теориясы, дифференциалдык тендемелер, интерполяция, матем. картография, астрономия ж. б. б-ча изилдөө жүргүзгөн. Математикага туундунун /'(х) түрүндөгү белгиленишин киргизген, «Анализдик механика» деген классикалык трактатында (1788) статиканын негизине мүмкүн болгон которуштуруу принцибин, ал эми динамиканын негизине - ушул принциптин Д’Аламбер принциби м-н айкалышын (Д’Аламбер - Лагранж принциби) койгон кыймыл теңцемесин берген, ал анын ысмы м-н аталган, к. Лагранж теңдемеси.
Ад.: Тюлина И.А. Ж. Л. Лагранж. М., 1977.