ЛАБИРИНТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
17:16, 27 Август (Баш оона) 2026 -га соңку нускасы
ЛАБИРИНТ (гр. 1аЬуг1пЙю8) - татаал, чаташкан планда курулган имарат. Байыркы авторлор (Геродот, Диодор, Страбон ж. б.) Л-тин беш түрүн көрсөтүшкөн.
Эң бёлгилүүсү - Крит Л-и. Грек мифологиясы б-ча желмогуз Минотаврды жашырып туруш үчүн Дедал тарабынан курулган. Миностун сарайы деп да аталат.

Египет Л-и фараон Аменемхет Шнүн (б. з. ч. 19-к.) пирамидасынын б. з. ч. 19-к-да Файюм
оазисинде Хаварада курулган маркум коюлуучу храмы. Ал көптөгөн залдары, өткөөлдөрү, жер алдындагы жайлары бар зор имарат болгон. Л. өзү сакталган эмес, орду 1988-ж. археол. казууда аныкталган. Самос Л-и деп адатта.Самос а-ндагы б. з. ч. 6-к-да курулган Гера кудайдын храмы аталат. Италия Л-ти - Клузий ш-нын Этруск падышасы Порсена коюлган жай. 17-18- к-да парктарда ичке ийри-буйру жол түшүрүлүп, тегизделип кыркылган бийик керегелүү бактар да Л. аталган. О. эле таштардан төшөлүп жасалган ж-а аска таштарга чегилип калтырылган байыркы Л-ди да көрүүгө болот. Л-тин ташка чегилген сүрөтү Сулайман тоодон да табылган. Ош тарых музейинин кызматкери Е. В. Дружинина анын көчүрмөсүн алып, ил. алкакка алып чыккан. Ч. Жумагулов.