ИНДИЯЛЫКТАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДИЯЛЫКТАР</b> , и н д у с т а р, и н д и л е р – Индиянын калкы, этностук саясий жалпылык. Индиянын бардык калкын, ошондой эле башка өлкөлөргө Индиядан барып жашап калгандар­ды билдирүүчү термин. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башына чейин «индейлер» деп аталып келген, бирок бул термин жаңылыштыктан улам (Х. Колумб) америкалык жергиликтүү элге карата колдону­луп кеткендиктен, Индияда жашоочулар анг­лис сөзү менен «индустар» деп айтылып калган. Бирок, индуизм динин туткандар гана «индус­тар» деп аталгандыктан, аны бүт Индия кал­кына карата айтуу туура болбой калат. Ин­дияда 800дөн ашуун улут, эл | <b type='title'>ИНДИЯЛЫКТАР</b> , и н д у с т а р, и н д и л е р – Индиянын калкы, этностук саясий жалпылык. Индиянын бардык калкын, ошондой эле башка өлкөлөргө Индиядан барып жашап калгандар­ды билдирүүчү термин. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башына чейин «индейлер» деп аталып келген, бирок бул термин жаңылыштыктан улам (Х. Колумб) америкалык жергиликтүү элге карата колдону­луп кеткендиктен, Индияда жашоочулар анг­лис сөзү менен «индустар» деп айтылып калган. Бирок, индуизм динин туткандар гана «индус­тар» деп аталгандыктан, аны бүт Индия кал­кына карата айтуу туура болбой калат. Ин­дияда 800дөн ашуун улут, эл жана уруулар бар. Ошондой эле Улуу Британияда (1 млн), Канадада (1 млн), АКШда (1,25 млн), Түштүк Африкада | ||
[[File:ИНДИЯЛЫКТАР20.png | thumb | Эркектердин уй саашы көнүмүш адат.]] | [[File:ИНДИЯЛЫКТАР20.png | thumb | Эркектердин уй саашы көнүмүш адат.]] | ||
(1 млн), Маврикияда (700 миң) жана Фижиде (400 миң) да жашашат. Жалпы саны 1,13 млрд­га жетет (2007). Элдин 72%и индиевропа, 22%и дравид тилдеринде сүйлөшөт. Мамлекеттик тили – хин­ди жана англис. Индиялыктардын динге ишенгендеринин көпчүлүгү индуизм (83%), ошондой эле ислам (13%), христиан (2,4%), сикхизм (1,8%), буддизм | (1 млн), Маврикияда (700 миң) жана Фижиде (400 миң) да жашашат. Жалпы саны 1,13 млрд­га жетет (2007). Элдин 72%и индиевропа, 22%и дравид тилдеринде сүйлөшөт. Мамлекеттик тили – хин­ди жана англис. Индиялыктардын динге ишенгендеринин көпчүлүгү индуизм (83%), ошондой эле ислам (13%), христиан (2,4%), сикхизм (1,8%), буддизм (1,7%) жана жайнизмди (0,5%) тутушат. Индия калкынын этностук негизи б. з. ч. 2-миң жыл­дыктын ортосунда Индиянын борбордук жана түндүк аймагына көчүп келген байыркы арий уруула­рынын жергиликтүү элдер менен ассимиляцияланышы­нан пайда болгон. Индиялыктар дыйканчылык (чай, бал камыш, бозо, жут, тамеки, банан, буудай, жер жаңгак, кунжут, пальма ж. б.), мал чарбачы­лык (буйвол, кой, эчки жана канаттуулар, уй ыйык жаныбар катары саналат) менен кесипте- | ||
(1,7%) | |||
05:08, 24 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
ИНДИЯЛЫКТАР , и н д у с т а р, и н д и л е р – Индиянын калкы, этностук саясий жалпылык. Индиянын бардык калкын, ошондой эле башка өлкөлөргө Индиядан барып жашап калгандарды билдирүүчү термин. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башына чейин «индейлер» деп аталып келген, бирок бул термин жаңылыштыктан улам (Х. Колумб) америкалык жергиликтүү элге карата колдонулуп кеткендиктен, Индияда жашоочулар англис сөзү менен «индустар» деп айтылып калган. Бирок, индуизм динин туткандар гана «индустар» деп аталгандыктан, аны бүт Индия калкына карата айтуу туура болбой калат. Индияда 800дөн ашуун улут, эл жана уруулар бар. Ошондой эле Улуу Британияда (1 млн), Канадада (1 млн), АКШда (1,25 млн), Түштүк Африкада
(1 млн), Маврикияда (700 миң) жана Фижиде (400 миң) да жашашат. Жалпы саны 1,13 млрдга жетет (2007). Элдин 72%и индиевропа, 22%и дравид тилдеринде сүйлөшөт. Мамлекеттик тили – хинди жана англис. Индиялыктардын динге ишенгендеринин көпчүлүгү индуизм (83%), ошондой эле ислам (13%), христиан (2,4%), сикхизм (1,8%), буддизм (1,7%) жана жайнизмди (0,5%) тутушат. Индия калкынын этностук негизи б. з. ч. 2-миң жылдыктын ортосунда Индиянын борбордук жана түндүк аймагына көчүп келген байыркы арий урууларынын жергиликтүү элдер менен ассимиляцияланышынан пайда болгон. Индиялыктар дыйканчылык (чай, бал камыш, бозо, жут, тамеки, банан, буудай, жер жаңгак, кунжут, пальма ж. б.), мал чарбачылык (буйвол, кой, эчки жана канаттуулар, уй ыйык жаныбар катары саналат) менен кесипте-
нишип, дубалы кыш же жыгачтан салынып, үстү пальма жалбырактары же черепица менен жабылган 1 кабаттуу, айрым жерлерде 2 же 3 кабаттуу, жаанчыл аймактарда түркүктөрдүн үстүнө салынган үйлөрдө жашашкан. Салттуу кийим катары негизинен аялдар майда шурулар менен кооздолуп, сайма түшүрүлгөн сари (узундугу 4 мден 9 мге чейин) оронушат. Индиялыктардын «Рамаяна» жана «Махабхарата» эпостору, бхаратнатьям, катхакали ж. б. бийлери бар. Эркектери эр жеткенде оң колуна билерик тагынып, мылтык алып жүрүшкөн. Индиялыктарда жаныбарлар (уй, зебу тукумундагы бука, маймыл жана кобра жыланы), дарыялар (Ганг), өсүмдүктөр (лотос) ж. б. ыйык деп эсептелинет.
Ш. Керимова.