КОҢУР-ӨЛӨҢ (Тескей Ала-Тоодогу көл): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОҢУР-ӨЛӨҢ 1 to КОҢУР-ӨЛӨҢ (Тескей Ала-Тоодогу көл)) |
(Айырма жок)
| |
03:27, 26 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОҢУР-ӨЛӨҢ , А й д ы ң - К ө л – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы көл, Коңур-Өлөң–Ала-Баш өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Деңиз деңгээлинен 1906 м бийикте жатат. Айланасындагы саздын кеңейишинен соолуп баратат. Аянты 0,7 км2, узундугу 2,4 км, туурасы 600–700 м. Тереңдиги 1 мге чейин. Көлгө чакан суу куюп, андан агып чыккан өзөн Ак-Терек суусуна оң тараптан куят. Балык бар. Көлдө чиринди заттардын көбөйүп баратышы (айрыкча сапропель) анын чанагынын ыкчам кичирейишине шарт түзүүдө.