КОНСТИТУЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОНСТИТУ&#769;ЦИЯ</b> (лат. constitutio – түзүлүш) – өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи. Конституция мамлекеттин ж-а коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын ж-а жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салат. «Конституция» түшүнүгү Байыркы Рим императорлорунун айрым актыларында ж-а орто кылымдарда колдонулган, бирок мааниси ж-а формасы жагынан укуктук акт боло алган эмес. Королдук ж-а феодалдык зомбулуктарды чектөө үчүн коомдун белгилүү бир өнүгүү этаптарында конституция өзгөчө документ катары пайда болгон. Ал&shy;гачкы жазылган конституция 1787-жылы АКШда кабыл алынган. Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ, кабыл алуунун ж-а өзгөртүү киргизүүнүн  өзгөчө  тарти&shy;би м-н мүнөздөлөт. Конституция адатта атайы түзүлгөн конституциялык уюмдаштыруу жыйыны тарабынан же түздөн-түз элдик добуш берүү м-н кабыл алынат. Мусулман мамлекеттеринде чыныгы конституция деп Куран эсептелет, бардык мыйзамдар Куранга шайкеш келүүгө тийиш. Конституция мамлекеттин мыйзам чыгаруу ж-а укукту пайдалануу ишинин негизги юридикалык базасы болуп саналат. Бардык укуктук актылар, мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү иш&shy;мердиги конституцияга шайкеш болууга тийиш. Конституцияга шайкеш келбеген актылар аракеттенбей турган ж-а укук бузуучу (органдардын аракети) деп кара&shy;лат. Конституция убактылуу ж-а туруктуу деп да бөлүнөт. Убактылуу Конституция өткөөл мезгилде иштелип чыгып, бийликти уюштуруу жөнүндөгү негизги жоболорду чагылдырат, кээде туруктуу конституция м-н алмашылат (ТАР, Польша, Албания). Туруктуу Конституция кыска мөөнөткө иштеп калышы мүмкүн (Венесуэла).

Ад.: <i>Хабриева Т. Я., Чиркин В. Е.</i> Теория современной конституции. М., 2007.

<p align='right'><i type='author'>К. Байбосунов.</i></p>

[[Категория:4-том,_403-452_бб]]
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]

03:59, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОНСТИТУ́ЦИЯ (лат. constitutio – түзүлүш) – өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи. Конституция мамлекеттин ж-а коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын ж-а жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салат. «Конституция» түшүнүгү Байыркы Рим императорлорунун айрым актыларында ж-а орто кылымдарда колдонулган, бирок мааниси ж-а формасы жагынан укуктук акт боло алган эмес. Королдук ж-а феодалдык зомбулуктарды чектөө үчүн коомдун белгилүү бир өнүгүү этаптарында конституция өзгөчө документ катары пайда болгон. Ал­гачкы жазылган конституция 1787-жылы АКШда кабыл алынган. Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ, кабыл алуунун ж-а өзгөртүү киргизүүнүн өзгөчө тарти­би м-н мүнөздөлөт. Конституция адатта атайы түзүлгөн конституциялык уюмдаштыруу жыйыны тарабынан же түздөн-түз элдик добуш берүү м-н кабыл алынат. Мусулман мамлекеттеринде чыныгы конституция деп Куран эсептелет, бардык мыйзамдар Куранга шайкеш келүүгө тийиш. Конституция мамлекеттин мыйзам чыгаруу ж-а укукту пайдалануу ишинин негизги юридикалык базасы болуп саналат. Бардык укуктук актылар, мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү иш­мердиги конституцияга шайкеш болууга тийиш. Конституцияга шайкеш келбеген актылар аракеттенбей турган ж-а укук бузуучу (органдардын аракети) деп кара­лат. Конституция убактылуу ж-а туруктуу деп да бөлүнөт. Убактылуу Конституция өткөөл мезгилде иштелип чыгып, бийликти уюштуруу жөнүндөгү негизги жоболорду чагылдырат, кээде туруктуу конституция м-н алмашылат (ТАР, Польша, Албания). Туруктуу Конституция кыска мөөнөткө иштеп калышы мүмкүн (Венесуэла).

Ад.: Хабриева Т. Я., Чиркин В. Е. Теория современной конституции. М., 2007.

К. Байбосунов.