КОНОВАЛОВ ЗАКОНДОРУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<b type='title'>КОНОВА́ЛОВ ЗАКОНДОРУ</b> – бууланган эки заттан турган суюк эритменин курамы м-н анын каныккан буусунун курамы ж-а басымынын байланышы жөнүндөгү закондор. 1881–84-жылдарда орус химиги Д. П Коновалов негиздеген. Биринчи закон: а) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясы көбөйгөн сайын, эритменин буусунун басымы чоңоёт; б) эритмеге караганда бууда азыраак болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясынын көбөйүшү м-н эритменин буусунун басымы азаят; в) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясынын көбөйүшү м-н эритменин кайноо температурасы | <b type='title'>КОНОВА́ЛОВ ЗАКОНДОРУ</b> – бууланган эки заттан турган суюк эритменин курамы м-н анын каныккан буусунун курамы ж-а басымынын байланышы жөнүндөгү закондор. 1881–84-жылдарда орус химиги Д. П. Коновалов негиздеген. Биринчи закон: а) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясы көбөйгөн сайын, эритменин буусунун басымы чоңоёт; б) эритмеге караганда бууда азыраак болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясынын көбөйүшү м-н эритменин буусунун басымы азаят; в) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясынын көбөйүшү м-н эритменин кайноо температурасы төмөндөйт; г) эритмеге караганда бууда азыраак болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясы көбөйгөн сайын эритменин кайноо температурасы чоңоёт. Экинчи закону: экстремум че­киттеринде буунун басымы изотермиялык шарт­та же кайноо температурасы изобаралык шартта буунун ж-а суюктуктун курамы бирдей. Коновалов закондору буулантуу, реактивдештирүү ишинде чоң мааниге ээ. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
28 апрель 2026, саат 03:43 учурдагы соңку нуска
КОНОВА́ЛОВ ЗАКОНДОРУ – бууланган эки заттан турган суюк эритменин курамы м-н анын каныккан буусунун курамы ж-а басымынын байланышы жөнүндөгү закондор. 1881–84-жылдарда орус химиги Д. П. Коновалов негиздеген. Биринчи закон: а) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясы көбөйгөн сайын, эритменин буусунун басымы чоңоёт; б) эритмеге караганда бууда азыраак болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясынын көбөйүшү м-н эритменин буусунун басымы азаят; в) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясынын көбөйүшү м-н эритменин кайноо температурасы төмөндөйт; г) эритмеге караганда бууда азыраак болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясы көбөйгөн сайын эритменин кайноо температурасы чоңоёт. Экинчи закону: экстремум чекиттеринде буунун басымы изотермиялык шартта же кайноо температурасы изобаралык шартта буунун ж-а суюктуктун курамы бирдей. Коновалов закондору буулантуу, реактивдештирүү ишинде чоң мааниге ээ.