КОММУНИЗМ (Лейлек районун­дагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

10:20, 24 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОММУНИ́ЗМ – Баткен облусунун Лейлек районун­дагы кыштак. Кулунду айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 630 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Исфана шаарынан 40 км түндүк-чы­гыш тарапта. Пролетарск (Тажикстан) темир жол бе­кетинен 20 км. Кыштак 1955-жылы пайда болгон. Калкы 5132 (2022); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.