КАВАЛ үйлөмө музыкалык аспап: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Created page with "'''КАВАЛ''' (болгарча кавал, албанча kavall, румынча caval – флейта) – болгар, албан, румын, молдаван элд...")
 
 
(Айырма жок)

11 ноябрь 2025, саат 08:39 учурдагы соңку нуска

КАВАЛ (болгарча кавал, албанча kavall, румынча caval – флейта) – болгар, албан, румын, молдаван элдерине кеңири тараган үйлөмө, 6-8 көзөнөктүү музыкалык аспап. Анын бир түрү жыгачтан жасалган флейта. Узундугу 500дөн 900 миллиметрге чейин. Жеке, ансамблге, эл аспаптар оркестрине кошулуп аткарылат. Диапазону 2,5 октаваны түзөт.