АК-ДӨБӨ II ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АК-ДӨБӨ II ШААР КАЛДЫГЫ''' – орто кылымга ( | '''АК-ДӨБӨ II ШААР КАЛДЫГЫ''' – орто кылымга (6–14‑кылым) таандык [[археология]]лык эстелик. [[Талас шаары]]нын чыгыш тарабындагы [[Көгой айылы]]нын түштүк чыгышында жайгашкан. [[Талас суусу]] шаарды экиге бөлүп турат. Жалпы аянты 15 ''км''<sup>2</sup> келген кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык өнүккөн шаар болгон. Жазма булактарга караганда орто кылымдарда ал [[Текабкат]] деп аталган. Шаар калдыгын П. Н. [[Кожемяко]] 1956–1960‑жылдары казып изилдеген. [[Сепил]]инин (цитаделинин) түбүнүн аянты 50x55 ''м,'' бийиктиги 9 ''м.'' Шаардын борбордук бөлүгү (түндүк тарабындагы [[КуланКорук|Кулан‑Корук]] деп аталган чептен) чоподон бышырылып жасалган түтүктөр аркылуу суу <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> камсыз болуп турган. Археологиялык казууда сапаттуу жасалган чопо идиштер табылган. Айрымдары минералдык боёктор, айнек сымал сыр (глазурь) <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> сырдалган. Шаар ичиндеги чептерди казууда [[архитектура]]лык курулуштун мыкты үлгүлөрү ачылган. Айрыкча үйдүн ички дубалындагы шыптагы оюу археологдордун көңүлүн бурган. 13–14‑кылымдарда шаардын жашоосу уланган. Бүгүнкү күндө сепил (цитадель) ордунда азыркы [[мүрзө]] жайгашкандыктан, археологиялык эстеликтин бузулуу коркунучу бар.<br>''К. Табалдиев.''<br> | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
09:22, 3 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
АК-ДӨБӨ II ШААР КАЛДЫГЫ – орто кылымга (6–14‑кылым) таандык археологиялык эстелик. Талас шаарынын чыгыш тарабындагы Көгой айылынын түштүк чыгышында жайгашкан. Талас суусу шаарды экиге бөлүп турат. Жалпы аянты 15 км2 келген кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык өнүккөн шаар болгон. Жазма булактарга караганда орто кылымдарда ал Текабкат деп аталган. Шаар калдыгын П. Н. Кожемяко 1956–1960‑жылдары казып изилдеген. Сепилинин (цитаделинин) түбүнүн аянты 50x55 м, бийиктиги 9 м. Шаардын борбордук бөлүгү (түндүк тарабындагы Кулан‑Корук деп аталган чептен) чоподон бышырылып жасалган түтүктөр аркылуу суу менен камсыз болуп турган. Археологиялык казууда сапаттуу жасалган чопо идиштер табылган. Айрымдары минералдык боёктор, айнек сымал сыр (глазурь) менен сырдалган. Шаар ичиндеги чептерди казууда архитектуралык курулуштун мыкты үлгүлөрү ачылган. Айрыкча үйдүн ички дубалындагы шыптагы оюу археологдордун көңүлүн бурган. 13–14‑кылымдарда шаардын жашоосу уланган. Бүгүнкү күндө сепил (цитадель) ордунда азыркы мүрзө жайгашкандыктан, археологиялык эстеликтин бузулуу коркунучу бар.
К. Табалдиев.