БАЗИЛИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
556-684>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(9 intermediate revisions by 7 users not shown)
1 сап: 1 сап:
  (гр. basilike ‒ падыша үйү) ичи колонна же катар түркүктөр м-н узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоӊ аралыкты тосконго ыӊгайлуу болгон; ортоӊку неф (эреже катары капталдагылардан бийик ж-а кеӊири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган ж-а ''апсида'' м-н бүткөн. Б-га кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты нартекс жайгашкан. Эӊ алгачкы Б. б. з. ч. 210-ж. Деллос аралында курулган. Рим ш-нда Б. сот ж-а соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дининин бекемделиши м-н Б. храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору
'''БАЗИЛИКА '''(грекче Ьазіlікḗ – падыша үйү) ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгай­луу болгон; ортоңку неф (эреже катары каптал­дагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүк­төрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана ''апсида'' менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты нартекс жай­гашкан. Эң алгачкы базилика Деллос аралында биздин заманга чейин 210-жылы курулган. Рим шаарында базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дини­нин бекемделиши менен базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык базиликалар бай мозаика менен кооздолгон жана IV–VI кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башкаларда курулган.   
[[File:БАЗИЛИКА117.png | thumb | Римдеги Сан Паоло фуори ле мура базиликасы. Клуатра галереясы.]]
[[Файл:Базилика.jpg|left|thumb|220x220px|Базилика]]
неф, апсида чыгыш жактагы алтарь м-н бүткөн. Эӊ ири алгачкы христиандык Б-лар бай мозаика м-н кооздолгон ж-а 4-6-к-да Рим, Равенна, Константинополь, Сирия ж. б-да курулган.
[[Файл:Париж.jpg|center|thumb|281x281px|Париждеги Ыйык Клотильданын базиликасы]]
 
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

05:47, 16 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАЗИЛИКА (грекче Ьазіlікḗ – падыша үйү) – ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгай­луу болгон; ортоңку неф (эреже катары каптал­дагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүк­төрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты – нартекс жай­гашкан. Эң алгачкы базилика Деллос аралында биздин заманга чейин 210-жылы курулган. Рим шаарында базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дини­нин бекемделиши менен базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида – чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык базиликалар бай мозаика менен кооздолгон жана IV–VI кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башкаларда курулган.

Базилика
Париждеги Ыйык Клотильданын базиликасы